Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:41

Ирактык мусулмандар француз журналисттерин уурдап кеткендерди аларды бошотууга чакырды


Француз журналисттерин кармап турган согушкерлердин аракетин ирактык мусулмандардын эки тобу тең: шийиитер да, сунниттер да айыптады. Журналисттердин эл аралык федарациясы да барымтачыларды сабырдуулукту көргөзүүгө үндөдү. Журналисттерди бошотуу аракетинде француз тышкы иштер министри Мишель Барниер бүгүн Каирде Араб лигасынын баш катчысы Амр Муса менен кездешти. Ал эми Багдаддагы француз элчилиги мусулман топторунан колдоо алуу багытында иштөөдө.
Журналисттерди барымтада кармап тургандар Франциядан мектептерде мусулман кыздардын жоолукчан жүрүүсүнө тыюу салган мыйзамды өзгөртүүнү талап кылууда. Француз өкмөтүнүн өкүлү бүгүн мыйзам өзгөртүлбөсүн билдирди.Өлкөдөгү мамлекеттик мектептерде мусулман кыздардын гана жоолукчан эмес, башкалардын да диний символдор менен жүрүүсүнө тыюу салууну караган мыйзам ушул бейшембиде, жаңы окуу жылынын башталышы менен күчүнө кирет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG