Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:49

Чеченстандагы президенттик шайлоодо жеңип чыккан Алу Алханов өкмөттө кескин өзгөртүүлөрдү жасабайт


Алу Алханов бул тууралуу бүгүн ал кечээги шайлоодо жеңип чыкканы жарыяланган соң билдирди. Чеченстандын шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, добуш берүүгө ага укуктуулардын 80%дайы катышкан жана добуш бергендерди 74%дайы Алхановду колдоду. Алу Алхановдун шайлоодогу атаандаштарынын экөөсү Абдулла Бугаев менен Мовсар Хамидовдун айтымында, добуш берүү мыйзам бузуулар менен коштолду. Европа Кеңешинин Грозныйдагы өкүлү Андреас Гросс "Дойче пресс" агенттигине шайлоо демократиялык нукта өтпөгөнүн билдирген. Алу Алханов Чеченстандын президенттик кызматында быйыл майда террактан курман болгон Ахмад Кадыровду алмаштырат. Ал бүгүн Аслан Масхадов баштаган согушкерлер менен сүйлөшүү жүргүзбөй турганын да кошумчалады:

-Мен Масхадов менен сүйлөшүү жөнүндө айткан эмесмин. Ким сүйлөшүү жүргүзсө да менин турумум бир эле: ал өз элинен кечирим сурашы керек жана жок дегенде бүгүн элдин тынчын албашы абзел.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG