Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:28

Германияда социалдык реформага каршы миңдеген киши демоснтрацияга чыкты


Нааразылык акциялардын башталганына беш жумага аяк басып баратат. Мындан бир апта мурда демонстрациялар 140 шаарда өтсө, апта башында бул көрсөткүч 202ге жетти. Өкмөттүк планга Германиянын жумушсуздук дээрлик 20 пайызга жеткен чыгыш жерлеринде нааразылык айрыкча катуу болуп жатат.

Өкмөт узак мезгилден бери жумушсуз жүргөндөргө социалдык төлөмдөрдү кыскартып, ишсиздерден жумушту ылгабай тандашын талап кылган чараларды сунуш эткен эле. Канцлер Герхард Шрөдер бул реформа жумушсуздукту азайтып, карып бараткан калкты социалдык жактан камсыздоо үчүн зарыл деп айтууда.

XS
SM
MD
LG