Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:07

ОРТО КЫЛЫМДАГЫ КЫРГЫЗДАРДЫН ЭГЕМЕНДИК ТУУРАСЫНДА ТҮШҮНҮКТӨРҮ


Айрым адамдар азыркы кыргыз өлкөсүнүн эгемендүүлүгүн күтүлбөгөн кокустук катары баалап келишет. Алардын пикирине ылайык, кыргыз элинде мамлекет жана эгемендик түшүнүгү такыр болгон эмес.

Айрым басылмалар кыргыз калкынын мамлекет жана эгемендик түшүнүктөрүн басмырлоо үчүнбү, айтор, азыркы өз алдынча эркин өлкөнүн абалын кемсинтүү жагдайында баалап келишет.

Алардын пикирине ылайык кыргыз элинде бейкүңкор мамлекет куруп, эгемендикке умтулуу аракети болгон эмес. Андыктан, бүгүнкү кыргыз өлкөсүнүн эгемендүүлүгү Советтер Биримдигинин тарашына байланышкан окуя болгон деген айрым пикирлер бар.

Чындап эле кыргыздардын мамлекет түшүнүгү жок жана эркин жашап, эгемендүүлүккө умтулбаган калк болгонбу, деген суроолорго жооп бериш үчүн оболу, алардын тарыхына сереп салсак.

Орто кылымдагы кыргыз калкы тегерете душман курчап, калайман согушка жык толгон жоокерчилик заманда жашады. Алардын эркиндигине жана байлыгына көз арткан жоодон коргонуш үчүн кыргыз эли колуна курал кармап мамлекет түптөдү.

Орто кылымдагы араб, перс жана кытай авторлорунун маалыматтарына караганда кыргыздар эр жүрөк, согуш дегенден тайманбаган жоокер калк болгон. Кыргыз уланы жашы жетип, колуна курал кармай турган маалы келгенде "эр" деген кошумча ысым алып, өлкө кызыкчылыгы үчүн күрөшкөн.

Тышкы душман менен кагылышта эрдик көрсөткөн жоокерлер бетине жана денесине татуаж тартышып, жалпы калк тарабынан алардын эрдиги жогору бааланган.

Кыргыз элинин эркин жашап, эгемен мамлекет куруу эркин кытай жазма булактары мындайча чагылдырган: "555-556-жылдарда түрк мамлекетинин каганы кыргыздарды жеңгенден кийин алар түрктөрдөн өч алууну самап тишин кайрап жүрүштү".

Кыргыз өлкөсүндөгү биримдик жана ынтымак-ырашкерчилик оболу өз алдынча эгемен мамлекет куруу талаптарынан улам келип чыккан көрүнүш. Мамлекет ичиндеги мындай гармонияга жетиш үчүн журт башчылары ийкемдүү саясат жүргүзүшүп, мыйзамдарды иштеп чыгышы калктын эгемендик үчүн болгон ишенимин бекемдешкен.
XS
SM
MD
LG