Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:35

Кыргызстандын журтчулугу 31-августта жер-жерлерде эгемендүүлүктүн 13 жылдыгын белгиледи. Ал эми Бишкек шаарында эгемендүүлүк күнгө арналган майрамдык иш чаралар аскердик парад менен башталды. Борбордук «Алатоо» аянтында өткөн салтанатка президент Аскар Акаев баштаган мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, Жапониянын тышкы иштер министри Йорико Кавагучи, Россиянын Пермь облусунун губернатору Василий Бочкарев баштаган чет өлкөлүк коноктор, чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери катышты.

Эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанатта аскерий парадга Кыргызстандык аба-аскерий күчтөрүнүн толук курамы катышып, аны коргоо министри Эсен Топоев кабыл алды. Коргоо министри Кыргызстандын аскер курамына орус тилинде куттуктоо жолдоп, коргоо тармагынын жетишкендиктери, максат, милдеттери тууралуу башкы командачы Аскар Акаевге жана жалпы журтчулукка маалымат берди.

Министр Топоевдин айтымында, өткөн 13 жыл ичинде Кыргызстан өлкөдө жана Борбор Азияда туруктуулукту сактоодо, эл аралык терроризмге каршы күрөштүн механизмдерин иштеп чыгуу багытында олуттуу иш-аракеттерди жасады:

- Биздин милдет мекендин коопсуздугун коргоо эле эмес, жарандык позицияны бекем тутууда, Кыргызстандын бардык маанилүү маселелерине күжүрмөн катышууда, жүргүзүлүп жаткан реформаны коргоодо, элдин тынчтыгын, бейкуттугун камсыздоодо жана Атамекендин гүлдөп өнүгүшүнө шарт түзүп берүүдө турат.

Коргоо министринин сөзүнөн кийин Кыргызстандын аба-аскерий курамы параддан өттү. Парад МИ-8 үлгүсүндөгү аскерий 5 тикучманын, Кыргызстанда жаңы жасалып, «Ак кептер» деген ысым алган А-27 үлгүсүндөгү чакан 2 учактын аянттан учуп өтүүсү менен жыйынтыкталды.

Аскерий параддын соңунан шаардыктардын демонстрациясы башталды. Бишкектеги өнөр жай, соода, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо тармактарынын, ишкер чөйрөлөрдүн 10 миңге чамалаш өкүлдөрү Эркиндик аянтынан өз жетишкендиктерин даңазалап өтүштү.

Салтанатты көрүү мүмкүнчүлүгүнө чакыруу алгандар гана ээ болушту. Алардын бири, улуттук университеттин профессору Шаршен Керимбаев эгемендүүлүк майрамы тууралуу пикирин минтип билдирди:

- Азаттык күндү, 13 жыл мурда орноткон ушу күндү журтчулук көп кылымдан бери ойлоп, тилеп келген күн.

Жылда Кыргызстанга келип жүргөн франциялык конок Тьер Мужье майрамдын кооздугуна суктанды:

- Абдан кооз көрүнүш. Бул улуттук каада-салт менен үндөшүп тургандай…

Ош облусунан келген Асатулла Бакиров Кыргызстан 13 жылда көп ийгиликтерге жетишти деген ойдо:

- СССР кезинде 30-жылга чейин самолет эмес, велосипед чыкпаптыр. 13 жылда мына самолет чыгыптыр, биздин өлкөбүздө. Бул - сыймык.

Кыргызстан кесиптик кошуундар федерациясынын төрагасы Сагынбек Бозгунбаев болсо эгемендүүлүк өлкөгө саясий эле эмес, экономикалык чоң утуш берди дейт:

- Эл аралык байланыш жакшы болуп, ошонун арты менен технологиялар да келе баштады. Акырындык менен экономикалык кризистен Кыргызстан чыга баштады. Экинчиден, элдин турмушу да акырындык менен оңолуп жатат.

Бирок ушул эле салтанатка катышкан укук коргоочу Турсунбек Акундун айтымында, салтанат бир жактуу өттү, карапайым адамдар да, оппозиция өкүлдөрү да келишкен жок:

- Мисалы, мени киргизбей атып киргизишти. Турдакун Усубалиевдин аркасына жабышып атып кирип кеттим. Бул жерде Акаевди бир жактуу мактап атышат. Өндүрүш өсүп атат деп атат. Бирок иш жүзүндө карапайым эл кыйын акыбалда жашап атат. Мына бул парадга дагы тиешелүү чоңдордун жакындары, туугандары, аппаратта иштегендер гана кирип атышат да бул жерге. Ал эми жөнөкөй адамдар жанына жакын жолотулган жок.

Аянттагы салтанатты күч структуралары катуу көзөмөлдөп турушту. Ошондуктан, каалоочуларга аянтка эркин өтүү же кандайдыр бир жол табуу мүмкүн болгон жок.

- Эч бир жагынан өтө албайсың, - деп нааразы болушту бала-бакыралары менен салатанатты көрүүгө мүмкүндүк таппай жүргөн эки үй бүлө, - Кайдагы пикир, майрамды да, эч нерсени көрө албай атса. Балдар болсо минтип көргүлөрү келип атышат.

Борбордук аянттагы расмий салтанатка кире албай калгандардын көпчүлүгү өз алдынча майрамдап жүрүштү. Алардын айрымдары эгемендүүлүк учурундагы жетишкендиктер менен өксүктөр тууралуу ой бөлүштү. Маселен, Атыркүл аттуу тургундун айтымында, майрым жакшы эле болуп атат, бирок бийлик элди түшүнгөн жери жок:

- Элдин ичин терең түшүнгөн эч ким жок да. Бийликти айтып атам. Бийликтегилер өз көмөчүнө күл тарткандай сезилет бизге.

- Кадыресе жашоого жетише албай жаткан үй-бүлөлөр аябай көп, - дейт Ош облусунан келип, такси менен киши ташып, акча таап жүргөн жаран, - Буга мамлекеттин таасири болсо жакшы болмок.

Ошентип, «Алатоо» аянтындагы салтанат жыйынтыкталды. Бишкек шаар жетекчилиги Алатоо аянтындагы майрамдык салтанатты көрүү үчүн 50 миң чамалаш адам келгенин болжоду.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG