Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:18

1-сентябрга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Синоптиктердин 1-сентябрга карата берген маалыматы боюнча, бүгүн Ысыккөл, Нарын аймактарында жамгыр жаайт. Калган облустарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
ТАЛАС дубанында түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23 градус.
ОШ, БАТКЕН, ЖАЛАЛАБАД облустарында түнкүсүн +13…+18 градус жылуу, күндүз +25…+30 градус ысык болот.
ЫСЫККӨЛ, НАРЫН аймактарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…22 градус.
Сарыөзөн ЧҮЙДӨ +7…+12, күндүз +19…+24 градустун айланасында.
Ордо калаабыз БИШКЕКТЕ сейрек булут каптап, түнкүсүн +10…+12, күндүз +21…+23 градус жылуу болушу күтүлөт.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бүбүкан Досалиева, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG