Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:30

Жапониянын тышкы иштер министринин сапары карыды


БИШКЕК. Бүгүн Жапониянын тышкы иштер министри Йорико Кавагучинин Кыргызстандагы иш сапары аяктады. Ал эки күн ичинде мамлекет башчысы Аскар Акаев, тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланып, Жапония өкмөтүнүн «Чөптүн тамыры» аттуу Кыргызстандагы долбоорунун алкагында беш грант берүү жөнүндөгү документке кол коюлду. Ошондой эле сентябрь айында Кыргызстан менен Жапониянын ортосунда техникалык кызматташуу жөнүндөгү макулдашууга кол коюу ниети жазылган меморандум да макулдашылды. Йорико Кавагучи 31-августта Кыргызстандын эгемендик күнүнө арналган Борбордук Алатоо аянтындагы майрамдык салтанатка катышты. Ал Монголияга жөнөп кетти.

XS
SM
MD
LG