Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:28

Каракол шаарында эгемендик күнүнө арналган иш-чара болду


КАРАКОЛ. Ысыккөл облусунун баардык райондору менен шаарларында эгемендиктин 13-жылдыгы майрамдык салтанаттар менен коштолуп өттү. Маселен, Каракол шаардык борбордук аянтында облустун коомчулугунун, согуштун жана эмгектин ардагерлеринин катышуусунда митинг өтүп, облус губернатору Токон Шайлиева ысыккөлдүктөрдү республиканын эгемендүүлүгүнүн 13 жылдыгы менен куттуктады. Шайлиеванын айтымында, эркиндиктин баасы, баркы бийик, маани-маңызы терең. Эгемендиктин жылдарында облуста жакырчылык жоюлуп, элдин жашоо шарттары жакшыруунун үстүндө баратат. Майрамдык салтанатты аскердик парад жана облустук, шаардык мекеме-уюмудардын эмгек жаматтарынын демонстрациясы, ошондой эле майрамдык концерт коштоду. Шаардык ат майданында улуттук оюндар, ал эми шаардык стадиондо футбол командаларынын беттешүүлөрү өттү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG