Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:26

Нарында Теңиртоо борбордук аянты ачылды


НАРЫН. Эгемендүүлүк күнү Нарын шаарында борбордук Теңиртоо аянтынын ачылышы болду. Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын күнү Нарын шаарындагы "Эркиндик" аянтында мамлекеттик туунун көтөрүлүшү менен башталды.

Андан соң облустук, райондук жана шаардык мекеме, уюм, ишканалардын кызматкерлеринин, студент окуучуларынын парады өткөрүлдү. Парадга шаардагы аскер бөлүктөрү катышкан жок.

Мындан кийин теңиртоолуктар Нарын облусунун 65-жылдыгына арналып курулган борбордук Теңиртоо аянтынын ачылыш аземине күбө болушту. Курулуш ишинин 95 пайызы бүткөрүлгөн Теңиртоо аянтына 900 миң сом сарпталган. "Кумтөр", облустук "Намыс" фондусу, "Темир" ишканасы, губернатордун резерв фондусу аянттын курулушуна негизги демөөрчүлүктү көрсөтүшкөн.

Маданият жана театрдын өнөрпоздорунан сырткары билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарынын арасында быйыл болуп өткөн фестивалдын гала-концерти жаңы аянтта тартууланды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG