Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:45

Эгемендик салтанаты Баткенде өттү


БАТКЕН. Эгемендүүлүктүн 13 жылдыгына арналган салтанат Баткен облусунда да өттү. Баткен шаарынын борбордук стадионундагы майрамдык салтанатты Баткен районунун акими Альяр Имаров ачып, облус губернатору Аскарбек Шадиевге сөз берди. Облус калкын эгемендик майрамы менен куттуктаган губернатор эгемендик жылдарында өлкөнүн эң артында калган Баткен аймагы облус болуп түзүлүп, өнүгүүгө бет алганы чоң жетишкендик экенин, чегара, жол, суу маселелери акырындап чечиле баштаганын белгиледи. Салтанатка катышкан Тажикстандык кошуналаш Исфара районунун акими Мукадас Исламидинов да жалпы кыргызстандыктарды эгемендик майрамы менен куттуктап, өткөн он үч жылда Кыргызстан көп ийгиликтерге жетишкенине, акыркы убакта кошуналаш Баткен жана Согдий облустарынын достук, кызматташтык мамилелери чыңалып, биргелешкен долбоорлор ишке аша баштаганы жакшы жышаан экенине токтолду. Майрамдык салтанат андан ары жергиликтүү таланттардын ыр, бийлеринин коштоосунда уланды.

XS
SM
MD
LG