Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

Эгемендиктин 13 жылдыгы белгиленди


БИШКЕК. 31-августта Кыргызстанда эгемендүүлүктүн 13 жылдыгы белгиленди. Бул майрамга арналган салтанат Бишкектин Алатоо борбордук аянтында болуп, аскердик парад өткөрүлдү. Салтанатка президент Аскар Акаев баштаган бийлик жетекчилери, ардагерлер катышып, борбордогу ишкана-мекемелердин 10 миңге чукул өкүлү - эмгекчилердин парадынан өтүштү. Парад маалында Кыргызстандын абадан коргонуу күчтөрүнүн МИ-8 маркасындагы 5 тикучмасы, өлкөдө жаңыдан чыгарыла баштаган «Ак кептер» самолетунун экөө аянт үстүнөн учуп өтүштү. Эгемдүүлүк күнүнө арналган парад маалында Коргоо министри Эсен Топоев, анын орун басары Асылбек Ормокоев орус тилинде сүйлөшүп, парадга катышып жаткан ишкана-мекемелер тууралуу маалыматтардын көпчүлүгү орус тилинде болду.

Ал эми эгемендик күнүнө арналып, Алатоо аянтында 30-август күнү кечинде өткөрүлгөн салтанатта президент Аскар Акаев эгемендиктин башкы жетишкендиги - Кыргызстандын өз алдынча көз карандысыз мамлекет болгондугу жана элинин өзүн-өзү багып кете ала турган улутка айлангандыгы деп билдирди.

XS
SM
MD
LG