Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:19

Кытайда журналист түрмөдөн бошотулду


БЭЭЖИН. Кытайда беш айдан ашык убакыттан бери түрмөдө отурган журналист расмий айып тагылбастан бошотулду. Журналисттерди коргоо боюнча Нью-Йоркто жайгашкан комитеттин маалымдашынча, Түштүк Метрополис Дэйли гезитинин редактору Чең Йижоңдун ден соолугу дурус жана ал өз үйүнө кайтып келди. Чеңдин камалганын көптөгөн кытай журналисттери коррупцияга байланышкан иликтөө материалдарында агрессивдүүлүккө жол бербөөгө өкмөттүн эскертүүсү катары кабыл алышты. Чең Гвандуң провинциясында өткөн мартта камалган.

Дүйнөлүк соңку жаңылыктарды Баян Жумакадыр кызы Прага шаарынан даярдады.

XS
SM
MD
LG