Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:06

Чеченстанга кайтып жаткан качкындарга жардам жандантылат


МОСКВА. Чеченстанга кайтып жаткан качындарга компенсация төлөө жандантылат. Бул жөнүндө ИТАР-ТАСС агенттиги Чечен өкмөтүнүн басма сөз кызматына шилтеме берип, билдирүүдө. Акча төлөө өткөн жекшембиде болгон президенттик шайлоого байланыштуу убактылуу токтотулуп койгон эле. Акча төлөө менен Кремль качкындарды Чеченстанга кайтарууну ыкчамдаткысы келет. Москва жумурияттагы ахвал турукташкандыгын жана ал жерге кайтып баруу коркунучсуз экенин айтып келатат. Бирок жумуриятта орус аскерлери менен чечен козголоңчуларынын өз ара кагылыштары дээрлик күн сайын кайталанууда.

XS
SM
MD
LG