Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

Маскөөдөгү жардырууда 10 киши ажал тапты


Орусиянын бийликтеринин маалыматына ылайык Маскөө метросунун жанында машина жарылганда дагы 50 чакты киши жараат алганды. Рижская метро бекетинин жанындагы жардыруунун себеби тактала элек. Ички иштер министрлигинин өкүлү метро бекетинин сыртында турган жеңил машинанын алдына коюлган бомба жарылды деп билдирди. Бирок башка коопсуздук кызматкерлери жанкечти бомба жардырган болушу мүмкүн экендигин айтып жатышат.

Өзүн "Исламбули Бригадасы" деп атаган топ жардырууну биз уюштурдук деп жарыялады. Интернет баракчасындагы билдирүүсүндө бул топ чабуулдун Чеченстандагы мусулмандарга боордоштук билдирүү максатын көздөгөнүн бышыктады. Ушул эле уюшма өткөн аптада Орусияда эки учактын кыйрашы үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган эле. Дээрлик бир мезгилде жарылган учактардан 90 киши каза болду.

XS
SM
MD
LG