Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:50

ФРАНЦИЯ, ГЕРМАНИЯ ЖАНА ОРУСИЯНЫН ПРЕЗИДЕНТТЕРИ СОЧИДЕ


Төрөкул Дооров, Прага 31-августта орус президенти Владимир Путиндин Сочи шаарындагы резиденциясында үч тараптуу сүйлөшүүлөр өттү. Франциянын президенти Жак Ширак, Германиянын канцлери Герхард Шрөдер жана Орусиянын президенти Владимир Путиндин ортосундагы сүйлөшүүлөрдө Ирак менен Ирандагы кырдаал жана энергетика тармагында кызматташуу өңдүү суроолор талкууга алынды. Анткен менен сүйлөшүүлөрдө терроризм темасы сөздүн өзөгүн түзгөнү байкалды.

Орусия президенти Владимир Путин менен Франция президенти Жак Ширак сүйлөшүүлөр учурунда терроризм темасын жадыларынан чыгарышкан жок.

Жак Ширак Иракта Франциянын эки журналистти барымтага алгандардын талабын аткарбай тургандыгын дагы бир ирет жарыялады. Маалым болгондой, журналисттерди барымтага алышкандар Франциянын жалпы бирим берүүчү орто мектептеринде мусулман кыздардын жоолук салынып жүрүшүнө тыйуу салган мыйзамдан бийликтердин баш тартуусун талап кылышууда.

Ал эми өткөн жумада кырсыкка учураган эки учак тууралуу кеп козгоп, Владимир Путин “ал-Кайыда” менен чеченстандык жикчилер “өз ара байланышта экендиги дагы бир ирет далилденди” деди.

Учактардын кыйрашынан улам 90 адам мерт кеткен. Учактардын урандыларын изилдешкен адистер алардан жардыргыч заттын калдыктары табылганын айтышты. Кырсыкка жоопкерчиликти өзүн “Исламбули кошууну” деп атаган топ мойнуна алып, бул террордук чабуул чечен жеринде өлгөн мусулмандардан өч алуу аракети болгондугун билдирди.

Анын үстүнө Орусиянын түштүк облустарына кулап түшкөн эки учакта тең чеченстандык бирден аял болгон деп кабардалууда. Мунун өзү да чечен жикчилери ири террор уюму менен байланышы бар деген шектин өсүшүнө шарт түздү, дешет орус бийлик өкүлдөрү.

Анткен менен Чеченстандагы жикчилердин лидерлери алардын бул кырсыкка эч кандай катыштыгы жок экендигин айтышкан. Бирок Владимир Путин “алардын ортосунда байланыш бар экендигинде күмөн жок” деп эсептейт:

- “Ал-Каида” уюмуна жакын террордук топ бул кырсык үчүн жоопкерчиликти мойнуна алгандыгынын өзү чеченстандык жикчилер менен террор уюмунун ортосунда карым-катнаш бар экендигин далилдейт. Биз алар менен күрөшүп келдик, күрөшүп жатабыз жана мындан ары да күрөшө беребиз.

Ал эми өткөн жекшембиде Чеченстанда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы, Путиндин пикиринде, чечен элинин көпчүлүк бөлүгү ырасмий Москванын саясатына макул экендигин дагы бир ирет тастыктады. Анда 74% добуш менен Кремлдин колдоосуна ээ талапкер Алу Алханов жеңишке жетишкен эле.

- Эгер адам шайлоого келген болсо, демек, ал өз республикасынын саясий жашоосуна жигердүү катышууну каалайт. Бул жолу добуш берүүчүлөрдүн 80% шайлоого катышты. Бул – факт. Алар шайлоодо көрсөтүлгөн талапкерлердин ичинде Алханов мырзага ишеним билдиришти. Бул да факт, - деди орус президенти.

АКШнын мамлекеттик департаменти Чеченстандагы шайлоону эркин эмес жана акыйкатсыз болду деп тааныды. Анткен менен, Путиндин айтымында, бир да байкоочу шайлоодо олуттуу каталар кетирилгендиги тууралуу айткан жок:

- Мусулман өлкөлөрүнөн жана эларалык уюмдардан келишкен көптөгөн байкоочулар бул жолку шайлоодо олуттуу катачылыктардын кетирилгендиги тууралуу айтышкан жок. Мен бир жолу да добуш берүү маалында шайлоонун жыйынтыктарын кайра карап чыгууга мажбурлай тургандай чоң каталардын болгондугу тууралуу уккан жокмун.

Ал эми Иран тууралуу маселеде Владимир Путин өзүнүн франциялык жана германиялык кесиптештиринин ойлоруна кошула тургандыгын айтты. Анын айтымында, өзөктүк куралы бар мамлекеттердин глобалдык клубунун түзүлүшүнө Москва каршы. Бирок Орусия Иран менен тынчтык максатында өзөктүк отунду пайдалануу маселелери боюнча кызматташууну уланта берет. Ошол эле учурда Кремль “ырасмий Тегеран өзөктүк курал чыгаруу максатынан алыс турат” деп үмүттөнөт.

Орусия ушул тапта АКШнын жана Израилдин каршы болгонуна карабастан, Ирандын алгачкы атомдук электр станциясын курушуна көмөк көрсөтүүдө.

Ушул эле күнү президенттер экология проблемаларын, өз ара экономикалык жана соода кызматташтыгына тиешелүү суроолорду, ошондой эле, Орусия менен Европа биримдиги ортосундагы мамилеге таандык проблемаларды талкууга алышты.

Путин, андан сырткары, Орусия дүйнөдө мунайга болгон талаптын өсүшүн эске алуу менен өзүндө мунайды өндүрүүнүн көлөмүн дагы да көбөйтө тургандыгын айтты.
XS
SM
MD
LG