Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

АМЕРИКАЛЫК ОКУМУШТУУЛАР КҮНДҮН БӨЛҮКЧӨЛӨРҮН КАРМАДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Мындан үч жыл мурда АКШдан учурулган космос кемеси бүгүн, 8-сентябрда Жерге кайрылып келүүгө тийиш жана окумуштуулар аны чыдамсыздык менен күтүүдө. Бирок кеменин кайтып келе турган бөлүгү Жерге адаттагыдай парашют менен түшпөйт, аны атайын даярдалган учкучтар асмандан тосуп алууга тийиш.

"Женизис" деп аталган кеме Америка Кошмо Штаттарынан мындан туура үч жыл мурда - 2001-жылдын августунда учурулган. Кеме Жер менен Күндүн ортосундагы атайын орбитада учуп жүрдү, ал орбитада Жер менен Күндүн тартуу күчтөрү тең салмакталгандыктан, анын иштеши үчүн аз кубат корогон.

Кемеге орнотулган атайын аспап үч жыл бою - физиктер "күн шамалы" деп атаган плазманы чогултуп жүрдү. Жылуулук, нур жана башка толкундар менен кошо Күндүн таажысынан электрон менен протондордон турган плазма да учуп чыгат, ал Жердин бетине жетсе, бардык тирүү жан менен өсүмдүктөрдү жок кылып жибериши мүмкүн, анткени анын кубаты күчтүү радиацияга барабар. Күндөн чыккан протондордун ылдамдыгы Жер орбитасынын тушунда секундасына 400 чакырымга жеткенин эле айтса жетиштүү.

Бирок Жердин магнит талаасы бар болгондуктан, "күн шамалы" планетаны айланып өтөт. Анткен менен ал Күндүн жаралышы жана башка касиеттери жөнүндө баа жеткис маалымат бериши мүмкүн, ошондуктан "күн шамалын" кармаган "Женизисти" окумуштуулар чыдамсыздык менен күтүүдө. Күн системасы жана Жердеги заттардын 99 пайызы Күндөн чыккан, ошондуктан Күндүн бөлүкчөлөрү Жердин табияты тууралуу да жаңы маалымат бериши күтүлүүдө.

"Күн шамалын" кармаган аспап - өзгөчө бир кутуча жана ал орбитада гүл сыяктуу болуп үч жыл бою ачылып турду. Ал "гүлдүн желекчелери" алтын, алмаз жана башка асыл таштардан жасалган жана кемени курууга катышкан калифорниялык инженер Дон Севильянын айтымында, мынча убакыт ачык космосто иштегенден кийин алар морт болуп калышы мүмкүн:

- "Женизис" учурулган кезде "күн шамалын" кармаган "гүл желекчелери" бир топ эле бекем болчу жана ошол кезде Жерге жөн консо, алар сынмак эмес. Бирок ачык космосто бир нече жыл иштегенден кийин, алар азыр өтө морт болуп калды, алардын сынып кетишине жол бербеш керек.

Ошондуктан "Женизистин" Жерге кайта турган бөлүгү 8-сентябрда атмосферага киргенде, аны атайын даярдалган эки тик учма тосот жана андагы адистер кутуну өтө кылдаттык менен, катуу чайпалтпастан кармап алууга тийиш. Улуу Британиянын Ланкастер университетинде иштеген космос изилдөөчү Роберт Уолштун айтымында, эгер "Женизис" кармаган "күн шамалы" окумуштуулардын колуна аман-эсен тийсе, алар бир топ илимий ачылыштарга алып келет:

- Күндүн бир бөлүкчөлөрүн, биздин Күн системасынын борборундагы жылдыздан чыккан заттарды кармап алууга жетишүү жана аларды изилдөө, чындыгында, эң биринчи кезекте өзүнчө эле өзгөчө кызыктуу нерсе. Алар Жерде тиричилик пайда болгон мезгил тууралуу, Жер менен Күн системасы кантип өнүккөнү, азыр биз ал өнүгүүнүн кайсы баскычында экенибиз жөнүндө маалымат бере алат.

Физиктер Күндү жакшы эле изилдеген, ал үчүн Күн нурун түскө бөлгөн спектроскопия жана башка илимдер иштейт, бирок Күндөн чыккан бөлүкчөлөрдү, анын плазмасын буга чейин эч ким кармап Жерге жеткирген эмес.
XS
SM
MD
LG