Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:30

ЭГЕМЕНДИК МАЙРАМЫ, ЧОЛПОНАТА ЖЫЙЫНЫ, АТА ТҮРК ГҮЛБАГЫ


Мээрим Султангазы кызы, Бишкек «Кыргыз туусу» жана «Эркинтоо» басылмаларынын негизги макалалары Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө арналды.

21-августтан 31-августка чейин Чолпонатага дүйнөнүн отузга жакын өлкөсүнөн келген балдар эстен кеткис керемет күндөрдү өткөрүштү. Бул тууралуу 31-августта басылган «Кыргыз туусу» гезитиндеги «Көрүшкөнчө, «Нурлуу көпүрө»» деген макалада чагылдырылган. Анда катышуучулар Кыргызстан жөнүндө пикирлерин билдирип, толеранттуулуктун мектеби эстен чыккыс сонун кундөрдү тартуулады деген ойлор айтылган. Ошондой эле, толеранттуу мектептин иши тууралуу шейшемби күнү чыккан «Эркин тоо» басылмасы да маалымат берген.

Мындан тышкары, ошол эле «Кыргыз туусунда» эгемендүүлүк күнүнө карата макалалар орун алган. Анда «эгемендүүлүк сизге эмне берди?» деген суроо менен Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, педагогика илимдеринин доктору Эсенбек Мамбетакуновго басылманын кабарчысы кайрылганда, ал 13 жыл ичинде өлкөдө көп өзгөрүүлөр, жаңылануулар, жетишкендиктер болду деген ой-пикирин билдирди.

Басылманын ушул эле санында Баткен мамлекеттик университетинин ректору, профессор Илимидин Абдурасулов менен маек жарык көргөн. Анда ал билим берүү маселелери, аталган окуу жайдын жетишкендиктери жанан көйгөйлөрү тууралуу айтып берген.

Ошондой эле эгемендүүлүк күнүнө арналган макалалар менен шейшемби күнү «Эркинтоо» гезити жарыкка чыкты. Анда президент Аскар Акаев бир күндүк иш сапар менен Ош облусунда болгону туурасында макала басылган. Мындан сырткары Ош обласынын мамлекеттик администрация башчысы –губернатор Накен Касиев менен маек орун алды. Анда ал Ош облусунда айыл элин таза суу менен камсыз кылуу маселеси чечилип жатат деп билдирген.

Мындан тышкары, президент администрациянын башчысы Тойчубек Касымов өткөн аптада мугалимдердин август кенешмесине катышып келгени туурасында макала орун алган. Кеңешмеде облустун мектептерине 572 адис мугалим керек болсо, азырга чейин болгону 278 жаш адис ишке орноштурулганы жана башка ушуга окшогон кемчиликтер айтылган.

Ал эми бүгүн басууга даярдалып жаткан «МСН» басылмасында Геннадий Кузьминдин «Акыйкат башкаруу» деген рубрикада «О.Ибраимовдун фондусунун ойлогон ою ишке ашкан жок» деген макаласы бар. Анда автор «Достук » паркы эл аралык Ата түрк фондусуна берилип, азыркы тапта ал начар абалда турганын айткан. Ошондой эле автор аталган фонддун төрагасы О.Ибраимов парктын абалын жакшыртуу максатында эч кандай каражат сарптабаганын белгиледи.

Ушул эле гезитте Бекболот Талгарбековдун тууганынын базары өркүндөп, өсүп жатат деген макалада автор Геннадий Кузьмин 5-кичи райондогу «Жаркын» дүн базары көптөгөн тыюу салган буйруктарга карабай, азыркыга чейин иштеп жатканын жазган. Анткени базардын ээси Акынбаев премьер-министр аппаратынын жетекчиси Бекболот Талгарбековдун тууганы экен деген маалымат чагылдырылган.

Басылманын ушул эле санында Рина Приживойттун шайлоого байланыштуу Ысыккөлдө өткөн 2 күндүк семинардын иши туурасында маалымат берди. Ысыккөлдө өткөн форумдун иши жөнүндө гезиттин кабарчысы Александра Черных да «Жаштар жана шайлоо 2005 » деген макалада кабарлады.
XS
SM
MD
LG