Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:35

ОЛИМПИАДАГА КАРАТА КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫН ОЙ-ПИКИРЛЕРИ


Султан Раев, Бишкек Байыркы Элладанын Афина шаарында олимпиада салтанаттуу аяктады. Дүйнөнүн 200дөн ашуун өлкөлөрүнүн катарында Кыргызстандын улуттук курама олимпиадалык командасы да катышты. Байыртан олимпиаданын башкы принциби "олимпиадада жеңиш эмес, катышуу". Албетте кыргыз күйөрмандары Олимпиада күндөрүндө улуттук команданын жеңиш менен кайтаарын күттү. Тилекке каршы улуттук командабыз Афинадан Кыргызстанга бир да медаль албай, куружалак кайтты.

Бул жолку олимпиаданын жүрүшүндө кыргыз спортчулары оюндардын 10 түрүнөн мелдешке түштү. Советтер союзунун курамында турганда кыргыз спортчулары дүйнөлүк олимпиадада алтын, күмүш, коло медалдарын алып, тоолуу Кыргызстандын атагын алыска чыгарганы күйрмандардын эсинде.

Каныбек Осмоналиев, Александр Меленьтевдин жана башка спортчулардын жеңиштери улуттук олимпиада кыймылынын алтын барагында жазылып калды.

Байыркы Афина - олимпиаданын мекени. Мына ушул тарыхый шаарда өткөн олимпиадалык оюндарда кыргыз улуттук спортчулары оюндардын бир да түрүнөн байгелүү орундарга жетише алган жок. Өлкөнүн бүгүнкү социалдык-экономикалык абалы спорттук чоң мелдештин жүрүшүндө көзгө даана көрүндү дешет байкоочулар. Өлкөдөгү спорт саясаты, деги эле ага мамиле, акыркы он үч жыл аралыгында спорттук машыгуу жайларынын, окуу мекемелеринин менчикке айланып кетиши улуттук дене тарбия кыймылына урулган биринчи сокку катары бааланат дейт байкоочулар.

Эмне үчүн Кыргызстандын курама командасы жеңишке жетише албады? Бул суроого спорт күйөрмандары, саясатчылар, карапайым адамдар мындай маанидеги жоопторун берди - Жогорку Кеңештин депутаты Ташболот Балтабаев:

- Кыргызстандык спортчулардын көрсөткүчү белгилүү болуп калды, олимпиада өзүнчө лакмус кагазындай биздин спорттун азыркы абалын көрсөтөт. Тилекке каршы, бир дагы спортчу байгелүү орундарды ээлегенге жетише албады. Спорт бир жагынан ден-соолук, экинчи жагынан коомдун социалдык өнүгүү деңгээлин көрсөткөн фактор катарында эл аралык деңгээлде бааланып келатат. Ошого байланыштуу биздин өкмөт, мамлекет мындан ары өзүн рекламалоодо спорттук факторду колдонушу керек дейм. Ошондуктан талантуу жаштарды, таланттуу спортсмендерди мамлекеттик көзөмөлгө алып, жардам көрсөтүп, ошолордун талантын ачып берүүгө сөзсүз аракет жасаган программа, максат коюлушу керек.

Ал эми бул жагдайды белгилүү журналист Султанбек Жумагулов мындай баалады:

- Афинадан уят болуп келди деп айтып атышат. Бирок мен уят болуп келди деп айталбас элем. Себеби биздин коомубуз кандай болсо спортубуз, маданиятыбыз деле ошондой абалда. Мисалы, 1980-жылы олимпиадада 8 медаль алганбыз. Ал кезде Советтер Союзу бакчу эле кыргыздын чыгаан спортчуларын. Азыр болсо Кыргызстанда спортту туризмге, жаштар саясатына кошуп койгонун эле кыргыз өкмөтүнүн спортко саясий мамилесин көрсөтүп атат. Демек, экономикабыз көтөрүлмөйүнчө, спортко кадыресе мамиле кылмайынча ушул акыбалдан чыкпайбыз.

Спорт күйөрманы Садырбек Чериков өзүнүн оюн төмөндөгүдөй билдирди:

- Спорттогу эң негизги нерсе бул спорттук дух. Спорттук дух болсо негизинен Ата мекенге берилүү, патриоттуулукка негизделет. Андай сезим биздин спортчулардын кээ бирлеринде жок. Кайсы жакта ыңгайлуу болсо, жашоо-шарты мыкты, акчаны көп берсе ошол жакка кетишет. Ошондой спортчулар жана машыктыруучулар азыр деле бар. Спортту чындап сүйүү менен патриоттуулуктун анча-мынча айырмасы бар.

"Спорт - тынчтыктын элчиси" дейт. Арийне, бул сөздө улуу маани жатат. Бирок ушул улуу түшүнүккө бийик аракет менен жооп берүү кыргыз улуттук спорт саясатынын негизги багыты болуш керек деп баалашат байкоочулар.
XS
SM
MD
LG