Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:16

БИЛИМ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ


1-сентябрда Кыргызстан аймагында билим күнү белгиленди. Бардык мектептер «Мекеним – Кыргызстан» деген темада сабак өтүштү. Жаңы окуу жылынын башталышына арналган салтанаттарга мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмерлер да катышты.

1-сентябрда Кыргызстандын мектептери Билим сабагын өлкө гимни менен баштады. Алардын катарында гимн Бишкек шаарындагы француз тилин тереңдетип окуткан №26 мектептин окуучулар жана мугалимдер жамааты тарабынан премьер-министр Николай Танаевдин катышуусунда да ырдалды.

Өкмөт башчы мектеп жамаатын жаңы окуу жылы менен куттуктап, өлкө боюнча бул жааттагы жалпы даярдык тууралуу кыска маалымат берди. Николай Танаевдин айтымында, өлкөдө быйыл 15 400 окуучу үчүн 66 жаңы мектеп курулуп, пайдаланууга берилди. 170 мектеп капиталдык ремонттон өтүп, 62 наамдагы китеп сатылып алынды. Азия Өнүгүү Банкынын каражатына 255 мектеп жаңы эмерек менен жабдылды. Буга чейин Кыргызстандын мектептеринин 70% компьютер менен камсыздалган. Дагы 50 мектепке быйыл компьютер берилди.

- Учурда өлкөдө жаңы мектептер курулуп, ремонттор жүргүзүлүп, жаңы компьютерлер менен жабдылып жатат, - деди премьер-министр, - Мектептер жабылмак тургай, алардын саны өсүүдө. Билим берүүнү бюджеттен каржылоонун эсеби тынымсыз көбөйүп келатат. Социалдык туруктуулук орун алып, чамага жараша маяна көбөйүүдө. Пенсия, пособие, ден соолукту коргоо маселелери ийгиликтүү чечилип жатат.

Бирок билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, билим берүү жаатында чечилбей келаткан проблемалар көп. Алардын негизгиси – мугалимдердин тартыштыгы. Өлкө боюнча алардын быйылкы эсеби али тактала элек. Ал эми Бишкек шаарында 500 мугалим жетпей калды. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Надежда Мельничук билдирди:

- Азыр биздин мугалимдер 2 нормада, чоң жүктү алып иштеп атышат. 4 миң чамалаш мугалим бар. Жетпегени – 500 чамалуу.

Өткөн жылы өлкө боюнча 3 миң чамалаш мугалим жетпей калган. Айрыкча, информатика, англис тили, математика, физика сабактары боюнча адистер тартыш. Байкоочулардын пикирлерине караганда, бул өксүк ириде материалдык камсыздоонун жетишсиздиги менен байланыштуу. Маселен, жаш мугалимдин айлыгы 400 сомдон ашпайт. Ошондуктан, жаш адистер айрыкча айыл мектептерине барбай жатышат.

Жалпы билим берүүгө байланышкан дагы бир олуттуу проблема - окуу китептеринин жетишсиздиги. Орус тилдүү мектептердеги китеп өксүгү Россиядан сатылып алынган китептердин эсебинен толукталып келет. Ал эми кыргыз тилдүү мектептерде окуу китептеринин жана пособиелердин жетишсиздиги жоюла элек. Билим берүү министрлигинин жооптуу кызматкери Кенжекан Усупованын айтымында, жалпысынан кыргыз тилиндеги китептер менен жабдуу жылдагыдан 2%ке өстү. Бирок бул жетишсиз:

- Жетиштүү боло элек. Быйыл кыргыз мектептери окуу китептер менен 83% камсыз болушту. Жетпеген окуу китептери - 6-11-класстар үчүн «Дүйнөнүн тарыхы», 7-8, 11-класстардын «Русская литературасы», чет тилдеринен «Англис тили» китептерибиз жок болуп атат.

Кыргызстанда кыргыз тилдүү мектептер жалпы билим берүүчү мектептердин 73% түзөт. Алардын басымдуу бөлүгү элетте. Мындан тышкары кыргызстандык жаш муундар негизинен орус жана өзбек жана дунган тилиндеги мектептерде билим алышат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG