Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:20

“Кадам” телестудиясы алгачкы көрсөтүүсү менен обого чыкты


БАТКЕН. Кадамжай районунун акими Дастан Бердиевдин демилгеси менен түзүлгөн "Кадам" телекомпаниясы Баткен облустук мамлекеттик телекөрсөтүү аркылуу шаршемби күнү жарым сааттык алгачкы көрсөтүүсүн облус калкына тартуулады. Райондук телекомпаниянын жетекчиси Махмут Суворовдун ушул эле күнү "Азаттыкка" билдиргенине караганда, телекөрсөтүү мындан ары жума сайын жарым сааттык берүү менен облус аймагына чыгып турмакчы. Бирок өзүнүн эфир убактысы болбогондуктан азырынча облустук телекөрсөтүү аркылуу обого чыгат. Учурда жаңыдан түзүлгөн райондук телекөрсөтүүнү тиешелүү жабдыктар жана студия менен камсыздоо аракети көрүлүүдө.

XS
SM
MD
LG