Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:36

Улуттук гвардиянын командачысы баштаган делегация АКШга барат


БИШКЕК. Улуттук гвардиянын командачысы Абдыгул Чотбаев баштаган, курамында беш кишиден турган делегация ушул апта аягында иш сапар менен АКШга барат. Абдыгул Чотбаев АКШнын сенатору Конрад Бернс менен жолугушу күтүлүүдө. Ошондой эле Кыргызстандын делегациясы Монтана штатынын улуттук гвардиясынын командачысы менен жолугушат. Бул тууралуу бүгүн Улуттук гвардиянын басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда улуттук гвардиялардын эки тараптуу кызматташуусу жана Кыргызстандын аскер кызматкерлерин АКШда окутуу тууралуу маселе талкууланат.

Ал эми Кыргыз улуттук гвардиясынын башчысы Вьетнам согушуна катышкан америкалык ардагер жоокерлер менен жолугушуп, АКШ менен Кыргызстандын ардагер жоокерлеринин уюмдарынын кызматташуусу тууралуу сүйлөшөт.

XS
SM
MD
LG