Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:06

А.Акаев жаңы китебин чыгарды


БИШКЕК. Бүгүн Кыргыз улуттук университетиндеги билим күнүнө арналган жыйында президент Аскар Акаевдин «Келечек жөнүндө ишеним менен ойлонуу» аттуу жаңы китебинин бет ачары болду. Акаев бул жаңы китебинде тышкы саясат жана дүйнөнүн түзүлүшү тууралуу ойлорун ортого салган. Китептин мазмуну тууралуу маалымат берген президент глобализация процессинен четте калуу мүмкүн эместигин, ага туруштук берүү үчүн компьютердик технологияны мыктылап үйрөнүү зарылдыгын билдирди. Андан тышкары Борбор Азиянын дүйнөдөгү орду менен ролу жана регионалдык кызматташуу тууралуу ойлорун билдирип, ислам менен терроризмди теңештирүү натуура деп белгиледи.

Чогулушка катышкан окутуучулар эл аралык мамиле боюнча билим берген окуу жайлар Борбор Азиянын дүйнөдөгү орду тууралуу атайын сабак өтүүнү сунуш кылышты. Президенттин жаңы китеби 3 миң нуска менен Орусиянын «Эл аралык мамилелер» аттуу басмасынан чыккан.

XS
SM
MD
LG