Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:36

Депутат шайлоолордун адилет өтүшүнөн күмөн санайт


БИШКЕК. Кыргызстанда келерки жылы боло турган парламенттик жана президенттик шайлоолор адилет болбойт. Мындай билдирүүнү бүгүнкү маалымат жыйынында Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров жасады. Анын айтымында, буга Кылмыш–жаза кодексине шайлоонун адилет өтүшүнө өбөлгө түзчү өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзамга президенттин вето койгону негиз берет. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү маалында мыйзам бузган тараптарды жазага тартуу жөнүндөгү жоболорду Кылмыш-жаза кодексининин 10-беренесине киргизип, мыйзамды президенттин кол коюусуна июнь айында жөнөткөн эле. «Президент ага кол койбогондон кийин эми шайлоо өнөктүгү мурдагыдай эле мыйзам бузуулар менен өтөт»,-дейт депутат.

Андан тышкары Азимбек Бекназаров аны күзүндө болчу жергиликтүү шайлоого даярдык көрүү Шайлоо кодекси талап кылгандай жүргүзүлбөгөндүгү жана айрым саясий партия өкүлдөрүнүн шайлоо комиссияларына киргизилбей калгандыгы далилдээрин билдирди.

Ал эми президенттин юридикалык бөлүмүнүн өкүлү Рустам Мадалиев аталган мыйзам чаржайыт жазылып, Кылмыш-жаза кодексининин кээ бир жоболорун кайталап калгандыктан, кол коюлбагандыгын "Азаттыкка" айтты.

XS
SM
MD
LG