Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:51

ОРУСИЯДА ТЕРРОРДУК АКТЫЛАР КҮЧӨДҮ


Муса Мураталиев, Москва 31-августтун кечинде «Рига» метросунун бекетинде жардыруу болуп, 10 киши каза таап, 36 киши ооруканаларга түштү. Эртең менен алынган кабарга караганда, жарадарлардын он төртүнүн абалы абдан оор. Ал эми 1-сентябрда Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы бир мектепке автоматчан кишилер кирип, окуучуларды барымтага алышты. Барымтага алынгандардын саны 150дөн 400гө чейин деп айтылууда. РИА-Новостинин маалыматы боюнча, райондук оорукана атышуудан 7 адам курман болуп, төртөө жаракат алганын жарыялады.

Иликтөө жүргүзгөндөр билдиргенге караганда, "Рига" метросундагы жардырууну жанынан кечкен аял жүзөгө ашырган. Бомбанын чоңдугу, адистер эсебинде, тротилдик өлчөм менен алганда 400 граммага тете болгон. Терактын жоопкерчилигин мурунку аптада эки учакты биз жардырдык деген «Исламбули бригадасы» аталыштагы топ моюнуна алган. Орусиядагы терактарды БУУнун баш катчысы Кофи Аннан жана Кошмо Штаттары кескин айыпташты.

Кечөө каш карайганда «Рига» метросунун бекетинде болгон жардырууну Маскөө калаасынын мэри Юрий Лужков дароо терордук акты деп атады:

- Кечки саат 8де, так айтканда, саат 8ден 7 мүнөт өткөндө терордук акт жасалды. Аны жангечти аял жасады, - деди шаар башчы.

Жардыруу, жангечти аялды кошуп эсептегенде 10 кишинин жанын алып кетти. Ооруканага түшкөндөрдүн эсеби 50 кишиден ашты. Ички иштер министрлигинин өкүлү Валерий Грибкин айтканга караганда, жарадар болгондордун төртөө тестиер балдар. Эртең менен келген кабарга караганда, ооруканага жаткырылгандар арасынын 14 кишинин абалы алигиче оор.

Кечөө кечинде жардырууну башынын өткөргөн маскөөлүк тургун ал алааматты мындайча сүрөттөдү:

- Машине жарылды. Мен тетигиндей жерге ыргып барып түштүм. Бир кыпкызыл тегерек неме мени карай учуп келатканын көрдүм. Анан эсим ооп калыптыр, – деди бети-башы кызылала болгон улан.

Орусия баш калаасында болгон бул жолку жардырууну «Исламбули бригадасы» аталыштагы топ моюнуна алды. Мурунку аптада Домодедоводон жүргүнчүлөрдү тартып баратып, Ростов жана Тула обулустар үстүнөн абада жарылган эки учакты да "биз жардырдык" деп ал топ моюнуна алган. Бирок мындай жагдайды сырттан көз салуучулар, ал топтун «атың чыкпаса жер өрттө» ыкмасы менен жалган маалымат таратышы деле ыктымал дешүүдө.

Маскөөнүн шаардык баш прокурорунун орун басары Анатолий Зуев бул окуя «торорчулук» жана «киши өлтүрүү» беренеси астында иликтене баштаганын айтты. Ошого карабай ал журналисттер алдында:

- Биз чогулткан материалдар жардыргыч заттын кубатын, анын кандай жол менен жасалганын ачууда пайда болуучу суроолорго жооп алууга мүмкүндүк берет, - деген.

Ушуга чукул ойду Орусиянын федералдык коопсуздук кызматынын коомчулук менен байланыш борборунун жетекчиси Сергей Игнатченко да айткан:

- Жарылган (бомбанын – ММ) ичи ар түрдүү майда темир-тетиктер менен толтурулушу – бул теракт экенин билдирип турат. Бирок ал кандайча ишке ашкандыгы туурасында биз жооп айтууга азырынча даяр эмеспиз.

Орусиянын маалымат агенттиктери тараткан кабарларга караганда, 1-сентябрда Түндүк Осетиянын Беслан калаасындагы бир мектепти автоматчан кишилер барымтага алышты. Мектепте 150дөн 400гө чейин окуучу бар эле дешет. Орус президенти Владимир Путин Сочидеги эс алуусун токтотуп, Москвага келди. Ал күч органдарынын башчылары менен шашылыш жыйын куруп, Беcландагы жагдайды талкууга алды. РИА-Новостинин маалыматы боюнча, атышуудан 7 адам курман болуп, төртөө жаракат алганын райондук оорукана жарыялады. Куралчандар эч кандай сүйлөшүүлөргө барбай жатканы айтылууда...

XS
SM
MD
LG