Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:40

Губернатор Шварценнегер президент Буш үчүн добуш берет


Нью-Йорк шаарында АКШнын Республикачыл партиясынын курултайы бүгүн да уланат.
Калифорниянын губернатору, атактуу киноактер Арнольд Шварценнегер кечээ курултайда сүйлөп, шайлоочуларды президент Жорж Буштун дагы бир мөөнөт Ак үйдө калуусу үчүн добуш берүүгө үндөдү:


-Айымдар жана мырзалар! Америка калыбына келүүдө. Мекенибизге жасалган чабуулдан, экономикага урулган соккудан, биздин жашоо жолоюбузга жасалган чабуулдан өлкө бутуна турууда. Кошмо Штаттардын 43-президентинин бекемдиги, мүнөзү жана башкаруучулугу бизди кайра тургузду.

Буштун кайра шайланышын канайым Лаура Буш да жактап, күйөөсүнүн өлкөнү терроризм жана согуш шартында башкарганы үчүн сыймыктана турганын айтты.

Соңку сурамжылоолор Жор Буш менен анын демократ атаандашы Жон Керри 2-ноябрда болчу шайлоодо тең чыгышы мүмкүн экенин көрсөткөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG