Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Экс-президент Милошевичке адвокаттын кереги жок


Югославиянын мурдакы президенти Слободан Милошевич бүгүн Улуттар Уюмунун Гаагадагы сотун өзүн актаган далил-таныктар менен акыр-аягына чейин тааныштырды.

Милошевичке 1990-жылдардын башында Боснияда жана Хорватияда болгон согуштагы, 1998-99-жылдары албандарды Косоводон кууп чыгуудагы ролу үчүн согуш кылмышкери деп күнөөлөнүп, ага 60тан ашуун айып тагылууда.

Адвокаттан баш тартып, өзүн өзү коргоп жаткан Милошевичти актаган күбөлөрдү
угууга 150 күн берилген. Биринчи угуу 7-сентябрда болот жана экс-президенттин айыбы ырасталса, ал калган өмүрүн абакта өткөрөт.

XS
SM
MD
LG