Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:18

Непалдык жумушчулардын өлүмү


Бириккен Улуттар Уюмунун башкатчысы Кофи Аннан Иракта барымтада отурган адамдардын баарын токтоосуз бошотууга чакырды жана өзүн “Ансар ас-Сунна армиясы” деген куралдуу топтун непалдык 12 жумушчуну өлтүрүшү анын үрөйүн учурганын билдирди.

Топтун билдиришинче, непалдыктар мусулмандарга каршы согушканы келишип, “тарсалар менен жөөттөргө” кызмат кылганы үчүн өлтүрүлгөн.
Непалдыктар өлтүрүлүп жаткан сүрөт исламчылардын интернеттеги баракчасында чыккан.

Иракта уурдалган эки француз журналисттин тагдыры белгисиз калууда.

XS
SM
MD
LG