Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:33

ЛОРН КРАНЕР БОРБОР АЗИЯ ЖАНА ИРАК ЖӨНҮНДӨ


АКШнын Мамлекеттик катчысынын мурдагы орун басары Лорн Кранер тескери пикирлер айтылып жүргөнү менен президент Жорж Буштун администрациясы өз тышкы саясатында адам укуктары маселесине артыкчылык берип жатат деп эсептейт. Анын айтымында, муну маселен Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстанга экономикалык жардамдын токтотулушу, БУУнун Адам укуктары комиссиясында Түркмөнстанды айыптаган резолюциянын кабыл алынышындагы Вашингтондун көмөгү сындуу иш–чаралар көргөзүүдө. Лорн Кранер бул тууралуу "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна берген интерьвюсунда билдирди.

Лорн Кранер АКШ Мамлекеттик катчысынын демократия, адам укуктары жана эмгек маселеси боюнча орун басарлык кызматында 2001-жылдын ортосуна чейин иштеди. АКШ үчүн Борбор Азияда адам укуктары менен антитеррордук аракеттин кызыкчылыгы кагылышкан учур ушул мезгилге туш келгени маалым.

2001-жылдын 11–сентябрындагы окуялар АКШнын аскерий пландоочулары үчүн бир эсе Борбор Азиянын стратегиялык маанисин арттырды. Бирок Лорн Кранердин ырастоосунда, президент Жорж Буштун администрациясы Борбор Азия өлкөлөрүнөн өнөктөштүк жардам алуу менен катар демократиялык мүнөздөгү кээ бир реформаларды жүргүзүүсү үчүн кысым көргөзүүнү да токтоткон жок.

Республикалык партиянын Нью-Йорктогу курултайы учурунда кабарчыбыз Роберт МакМахон менен болгон маегинде, Кранер Кыргызстандагы басма сөз эркиндигин жана Өзбекстанда укук коргоочу уюмдардын каттого алынышын оң өзгөрүүлөрдүн белгиси катары атады:

- Бул жерде биз 11-сентябрдан кийинки үч жылдын аралыгында көргүбүз келгендердин баары болгон жок. Бирок менимче жалпы региондо, Түркмөнстанды эске албаганда, негизги укуктар боюнча жагдай жакшы деп айта аларыңыз анык.

Лорн Кранер Мамлекеттик катчынын демократия, адам укуктары, эмгек маселеси боюнча орун басары катары Өзбекстанга төрт жолу барган.

Ташкент Вашингтон менен 2002-жылы түзүлгөн Өнөктөштүк келишиминде реформа, адам укуктары боюнча алган милдеттемелерин аткарбаганы үчүн Мамлекеттик департамент Өзбекстанга берилүүчү 18 миллион доллардай экономикалык жардамды өткөн айда токтотуп койду. АКШ ошондой эле БУУнун Адам укуктары комиссиясында Түркмөнстанды сынга алган резолюциянын кабыл алынышына көмөктөшкөн.

Лорн Кранердин пикиринде, бул окуялар президент Жорж Буштун администрациясы өз тышкы саясатында адам укуктары маселесине олуттуу мамиле кылып жатканын көргөзүүдө. Өзбекстанга көргөзүлгөн кысымга карабай ал декабрдагы парламенттик шайлоо демократиялык нукта өтөрүнөн күмөнсүнөт:

- Менимче Өзбекстандагы шайлоо өтө проблемалуу болот. Адатта шайлоодо карама-каршы көз караш күтүлөт. Чыныгы шайлоонун өбөлгөсү катары каралып жүргөндөй, Өзбекстанда кайсыл бир оппозициячыл партиянын каттоого алынуусуна жол берилээри анык эмес.

Ирактын "Абу-Грейб" түрмөсүндө америкалык аскерлердин укук бузууларына байланышкан жаңжал АКШнын адам укуктары жаатындагы лидерлигине болгон ишенимге доо кетиргени маалым. Лорн Кранердин айтымында, АКШ коомчулугунда бул окуялардын айыпталышы ага чет өлкөлөрдүн реакциясынын түрдүү болушун шарттады. Өзгөчө "Абу–Грейб" чатагынын басма сөздө иликтениши, сүрөттөрдүн жарыяланышы, коргоо министри Дональд Рамсфелддин Конгрессте көрсөтмө бериши маанилүү роль ойноду.

Лорн Кранер учурда жетекчилик кылып жаткан Республикалык институт Иракта коомдук–саясий институттарды түзүү, граждандык коомго жардам көргөзүү, аялдарды саясий жараянга аралаштырууга багытталган долбоорлордун үстүнөн иштөөдө. Кранердин айтымында, бүткүл Жакынкы Чыгыш боюнча демократиялык кыймылдын келечеги Ирактагы жагдайга жараша өнүгөөрүн бул чөлкөмдүн өкүлдөрү өздөрү билдиришүүдө:

- Эгер Ирак ийгиликке жетсе, демократия орносо, саудиялык бир өкүл мага айткандай, Жакынкы Чыгыштагы бир дагы лидери алдыга жылбоону актай албайт. Эгер Жакынкы Чыгыштын чоң, бай, көп диндүү, көп улуттуу өлкөсү демократиялуу болсо, актагыдай эч нерсе калбайт. Менимче, сиз ушундай эле нерсени Ооганстан боюнча да айта аласыз.

Өткөн жылдын соңунда АКШ администрациясы Жакынкы Чыгыш боюнча Өнөктөштүк демилгеси деген документти жарыялаган эле. Ал Жакынкы Чыгыш чөлкөмүндө демократиялык реформаларды жайылтуу максатын көздөйт. Америкалык расмий өкүлдөр ал документ 1975-жылдагы Хельсинки декларациясындай шыктандыруучу күчкө ээ болобу деп үмүттөнөт. Демократиянын жактоочулары Хельсинки декларациясын кезинде коммунисттик бийликтерге чакырык таштоо үчүн пайдаланган болчу.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG