Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:46

Түндүк Осетиядагы кризис чечиле элек


Беслан шаарындагы мектептердин биринде баш-аягы үч жүздөн ашуун окуучуну барымтада кармап жаткан куралдуу топ менен белгилүү доктор Леонид Рошаль сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Барымтада жаткандарга суу жана тамак-аш киргизгенге дале мүмкүн болбой жатат. Туткундардын арасында ата-энелер жана мугалимдер да бар. Куралдуу топ шаршемби күнү эрте менен мектепке кол салган учурда бери дегенде эки, ары дегенде төрт киши набыт болгону айтылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG