Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:04

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР КУРУЛТАЙГА ДАЯРДЫК КӨРҮҮДӨ


Өлкөнүн саясий айдыңын карама-каршы жээгиндеги күчтөр парламенттик шайлоонун алдындагы алгачкы курултайына даярдык көрө баштады. 11-сентябрда Токтогул атындагы филармонияда бийликчил «Алга, Кыргызстан» партиясы, ал эми 25-сентябрга оппозициялык партиялардын тобу курултай өткөрөөрүн жарыялашты.

Эки тарап тең сентябрь айына белгиленген курултайында келерки жылы февраль айында боло турган парламенттик шайлоого даярдык көрүшөөрүн, башкача айтканда, шайлоого катышуу маселесин талкуулашаарын билдирүүдө.

“Алга, Кыргызстан” партиясынын жооптуу катчысынын орун басары Мелис Турусбеков:

- Курултайда, биринчиден, өткөн жылдын жыйынтыгы каралат. Экинчи маселе катары, келе жаткан шайлоого карата партиянын пландарын талкуулайбыз.

Анын айтымында, ноябрь айында партия дагы бир курултай өткөрүп, мына ошондо “Алга, Кыргызстан” атынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 75 шайлоо округу боюнча ат салышуучу талапкерлердин тизмеси жарыяланмакчы.

Ал эми оппозициялык күчтөр да өз курултайына даярдык көрүүдө. Алар өз жыйынын 25-сентябрга белгилешүүдө. “Эл бийлиги үчүн” шайлоо блогунун лидери Азимбек Бекназаров курултайда карала турган маселелер тууралуу буларды билдирди:

- Курултайда, биринчиден, Жогорку Кеңештин депутаттыгына оппозициянын талапкерлери такталып, элге жарыяланат. 75 округ боюнча кимдин бараары аныкталат. Экинчи маселе, азыр тактала элек, ал президенттик шайлоодо кайсы талапкерге токтолобуз - ошол маселе болуп турат.

Анын айтымында, учурда курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу тобу түзүлүп, бир катар партиялар менен, анын ичинде “Жаңы Кыргызстан” жана коммунисттер партиялары менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Оппозициянын бир канатын түзгөн, курамына “Арнамыс”, “Ата мекен”, “Эл” жана Социал-демократиялык партиялары кирген “Кыргызстан элдик конгрессинин” өкүлдөрү болсо оппозициянын экинчи канатынын курултайы тууралуу азырынча маалыматы жок экенин билдиришүүдө. “Атамекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев:

- Мен ал кандай курултай экенин, качан жана эмне максат менен чакырылаарын билбеймин. Бирок биз бардык күчтөр менен кызматташууга даярбыз. Бул оюбуз реалдуу эмес экенин билсек да, катышып сүйлөшкөнгө, өз пикирибизди айтканга даярбыз.

Анын айтымында, оппозициянын бир бөлүгүнүн жалпы оппозиция атынан сүйлөөсү туура эмес жана оппозициялык күчтөрдүн Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкерлердин бирдиктүү тизмесин алып чыгуусу күмөндүү.

“Арнамыс” партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев болсо принцибинде оппозициялык күчтөрдүн ортосунда карама-каршылыктын жоктугун белгилеп, биргелешкен курултай өткөрүү пайдалуу болот, деген пикирин билдирди.

Белгилүү журналист Султан Жумагулов кыргыз оппозициясы бирикпейт деген пикирде:

- Кыргызстанда оппозициялык күчтөр бириге албайт. 2000-жылдын алдында дагы биригебиз деп чыгып, бирок чечүүчү мезгилге келген чачырап кетишкен. Анын себеби лидерлер жеке амбициясын - жалпы улуттук жана жалпы оппозициялык кызыкчылыктан жогору коюуда.

Анын айтымында, ресурсу, мүмкүнчүлүгү өтө көп бийлик да оппозициянын биригишине жол бербейт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG