Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:58

Бишкекте БУУнун волонтерлорунун маалымат борбору ачылат


БИШКЕК. Эртең Бишкекте “Бириккен Улуттар Уюмунун волонтерлорду колдоо программасынын алкагында Кыргызстанда волонтер жаштарды өстүрүү” багытында БУУнун волонтерлорунун маалымат борборунун расмий ачылышы болот. Долбоорго байланыштуу документтерге Кыргызстандагы Жапониянын элчиси Сюсюке Ватанабе, БУУнун штаб-квартирасынын Германиядагы Азия-Тынчокеан экономикалык кызматташтык уюмунун башчысы Жунко Сазаки жана Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Ежи Скуратович тарабынан кол коюлушу күтүлүүдө. Волонтерлорду колдоо долбоорун каржылоо багытында Жапония өкмөтү 396 миң доллар, Кыргызстандагы БУУнун өнүктүрүү программасы 50 миң доллар өлчөмүндөгү каражат бөлгөн.
Учурда Кыргызстанда БУУнун эл аралык жана улуттук волонтерлорунан 42 адис бар.

XS
SM
MD
LG