Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:33

Оппозициялык маанайдагы саясий партиялар жыйын өткөрөт


БИШКЕК. 25-сентябрда Бишкекте оппозициялык маанайдагы 9 саясий партия жыйын өткөрүүнү болжолдоп жатат. Учурда уюштуруу комитети түзүлүүдө, деп билдирди “ЭрК” саясий партиясынын жетекчиси Нур уулу Досбол бүгүн “Азаттыкка”. Анын айтымында, президент Аскар Акаевди дагы бир мөөнөткө калтырууну көздөгөн Ош облусундагы кол чогултуулар Конституцияны одоно түрдө бузууга алып барат. Ошондуктан Конституцияны бузууга жол бербөө максатында оппозициялык маанайдагы партиялар өлкөдөгү саясий кырдаалды талкууга алуусу күтүлүүдө. “Жаңыдан түзүлүп жаткан уюштуруу комитети күн тартибинде каралуучу маселени кылдат иштеп чыгып, анан коомчулукка билдирет”, деди Нур уулу Досбол

XS
SM
MD
LG