Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

В.Путинге көңүл айтуу телеграммасы жөнөтүлдү


БИШКЕК. Москвадагы “Рижская” метросундагы террордук жардырууга байланыштуу 1-сентябрда мамлекет башчысы Аскар Акаев Россия федерациясынын президенти Владимир Путинге көңүл айтуу телеграммасын жолдоду. Телеграммада Россия Федерациясынын бийлигинин эл аралык тероррчулукка каршы күрөшүн Кыргызстан тарап колдоп келгенин жана колдоорун, ошондой эле террордук жардыруудан набыт болгондордун жакындарына Кыргызстан элинин атынан көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөөрү айтылган. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын 31-августунда Москва калаасынын “Рижская” метросунун жанында катуу жардыруу болуп 11 адам набыт болуп, 40 адам жаракат алган.

XS
SM
MD
LG