Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:31

Парламент күн тартиби боюнча бир пикирге келе элек


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны сентябрь айы үчүн иш планын талкуулады. Күн тартибине 48 мыйзам долбоору, президент кайра кайтарган 2 мыйзам, эл аралык 4 макулдашуу киргизилген. Айрым талаштуу маселелерден улам күн тартибин толук бекитүү мүмкүн болгон жок.

Талаш негизинен «Кыргызэнерго» акционердик коомун жана «Кыргызгаз» ишканасын менчиктештирүү программаларына байланыштуу чыкты. Пикир келишпестик «Кыргызстандын президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндөгү» мыйзамды өзгөртүү, толуктоо тууралуу» депутат Азимбек Бекназаров даярдаган мыйзам долбоору боюнча да пайда болду. Президенттин өкүлү бул маселени күн тартибине өзүнчө добуш берүү аркылуу киргизүүнү сурады. Ушундай талаштардан улам палата чукул каралчу маселелерди гана белгиледи.

Башкача айтканда, келерки аптанын алгачкы күндөрү депутаттар кыргыз өкмөтүнүн жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдыктар боюнча борборшайлоокомдун маалыматтарын укмай болду.

XS
SM
MD
LG