Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:29

КУРАЛЧАНДАР ОКУУЧУЛАРДЫ АТАЛАРЫНА АЛМАШТЫРБАДЫ


Россиянын түштүгүндөгү барымта кризиси качан жөндөлөт - белгисиз. Түндүк Осетиянын бийликтери билдиргенге караганда, Беслан мектебин 1-сентябрь күнү эртелеп басып алган согушчандар 354 адамды барымтада кармоодо. Алардын 130у мектеп окуучулары. Калабада 12 кишинин каны төгүлдү. Президент Путиндин сөзүнө карганда, бардык аракет барымтадагы адамдарды аман-эсен куткарып алууга жумшалууда. Непада аскерлер чабул жасаса, барымтачылар мектепти жардырып жиберери кабарланууда. Барымта кризи Путиндин Кавказда тынчтык орнотуу ниетине урулган катуу сокку болгонун талдоочулар тегиз белгилешүүдө. Соңку маалыматтар боюнча, барымтадан 26 адам, негизинен аялдар менен балдар бошотулду.

1-сентябрь Жаңы окуу жылына арналган салтанат тушунда Беслан мектебин басып алган террорчулар кимдер экени такталууда. Алар бийлик тараптын сунушуна көнбөй жатат. Түндүк Осетиянын ички иштер министри Казбек Дзантиевдин айтымында:

-Биздин балдарды чоң кишилерге алмаштыруу жөнүндөгү биринчи сунушубузга алар “жок” дешти. Биз экинчи сунушубузда алардын өмүрүнө кепил өтүп, чыгып кеткенге жол берели, биздин балдарыбызды жана чоң кишилерди тынч калтыргыла дедик. Алар макул болушпады. Сүйлөшүү улунтылат.

ИТАР-ТАСС мурда билдиргенге караганда, барымтачылар июнь айында Ингушетияга жасаган кандуу жортуулу учурунда колго түшкөн куралдаштарына эркиндик берүүнү талап кылышкан.

Чечен козголоңчуларынын лидери Масхадов өздөрүнүн Бесландагы чатакка эч кандай тешеси жок экенин билдирди.

Федералдык коопсуздук кызматынын Түндүк Осетия боюнча башчысы Валерий Андреев тергөөнүн жүрүшүндө террорчулардын айрымдарынын аты жөнү белгилүү болгонун билдирип, мындай деди:

-Биз ошондой эле террорчулардын туугандарын тактоодобуз. Кырдаалды чатаксыз чечүү үчүн алардын кадыр-баркын пайдаланууну ойлоштуруудабыз.

Ата–энелер мектепке чабуул жасалса, террорчулар өздөрүн жана балдарды күм-жам кылат деп коркушууда. Ошондуктан, алардын талабын аткаруу керек дегендер да бар. Кызы жана дос-тааныштары барымтада отурган Сослан Пагуев:


-Алардын талабы, каалагандары аткарылыш керек. Анан көрө жатарбыз эмне болгонун. Ырас, алар барымтадагы адамдарды калканч катары пайдалануусу мүмкүн... Айрым имиш-имиштерге караганда, алар Пакистанга кетүүнү каалашат экен... Коопсуздук күчтөрү чабуулга өтсө, курмандыктар болот.

Мурда эрегишчилер “тумшугун сунбаган” Түндүк Осетиядагы барымта кризиси, финансы чөйрөсүндө белгилүү “The Financial Times” гезити баамдагандай, президент Путиндин Кавказда саясый мамыр орнотуу аракетин жокко чыгарды.

Айрым талдоочулар көпчүлүк россиялыктарда Кремль террорчуларга каршы күрөштө алсыздыгын көрсөтүүдө деген пикир жаралган. Москвалык эксперт Кирил Коктиштин кебине караганда:

-Бул окуя жарандарда “Бийликтер тийиштүү чара көргөнгө жарайбы? Алар бул проблеманы жөндөй алабы?” деген суроо туулууда.

Сочидеги дем алуусун токтотуп, Москвага учуп келген Путин кырдаалга түздөн-түз көз салуу үчүн бейшемби күнү Түркияда башталчу сапарын кийинге калтырды. Көпчүлүк муну Путиндин коомчулук алдында жүзүн сактоо аракети катары баалашты.

Лондондук эксперт Николас Редман Чечен согушун Россиянын маалымат каражаттары өтө майда электен өткөрүп бергендиктен, азыр да маалыматтар иргелип, чыпкаланып берилет го деп боолгойт:

-Кийинки террордук чабуулдар Путиндин популярдуулугуна тескери таасир этти. Чечен окуяларын басма сөз өзүн өтө этияттанып чагылдыргандыктан, азыр да фактылар жашырылып-жымсалданып берилчүдөй болуп жатат.

Буга чейин Түндүк Кавказдагы коогаларды Москванын ички иши деп, тыш өлкөлөрдү кийгилиштирбей жүргөн Россия Беслан мектебиндеги барымтачылыкты айыптоо үчүн Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешин өткөрүүнү суранды. Кеңеш шашылыш чакырылган жыйынында террорчуларды айыптады.

Президент Путин бейшемби күнү Кремлде Иорданиянын падышасы Абдалла менен болгон сүйлөшүүдө “Түндүк Осетиядагы абал коркунучтуу” экенин мойнуна алды:

-Абал өтө жаман, себеби барымтадагылардын ичинде балдар да бар. Бул акция региондогу ансыз да бүлкүлдөп турган диндер ортолук жана этник аралык мамилени чарт жарышы мүмкүн.
XS
SM
MD
LG