Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Шинжаңдагы аскерий машыгуу уйгур сепаратизмине каршы багытталды


Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттарынын бүгүнкү кабарына караганда, Шинжаң провинциясында жакында өткөрүлгөн аскерий машыгуулар бул чөлкөмдө уйгур сепаратизмин басууга багытталган. Кытайдын Элдик – боштундук армиясы машыгууну августун ортосунда Пакистандын аскерлери менен бирге өткөргөн. Пекин көз карандысыздыкты көздөгөн уйгур топторун "террорчулар" деп мүнөздөп, аларды 90-жылдардан бери Шинжаңда кээде боло калчу бомба жарылуулар менен башаламандыктар үчүн айыптап жүрөт.

Дүйнөлүк соңку жаңылыктарды Прагадан Улан Эшматов даярдады.

XS
SM
MD
LG