Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:44

Жапон премьери Курилди көрүп кетти


Дзьюнитиро Коидзуми Курилдин түштүк тарабындагы аралдарды Жапониянын аймактык суусунда кемеден туруп, дүрбү менен карады. Жапон өкмөт башчысынын бул иш сапары Советтер Союзу Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Куриль аралдарын оккупациялап алганынын 59 жылдыгына туш келди. Куриль аралдарын өзүнүн "түндүк аймагы" катары эсептеген Жапония көп жылдардан бери аларды кайтарып алууга аракеттенип келүүдө. Орусиянын тышкы иштер министрлиги жапон премьеринин иш сапары алдында мындай аракет Орусия менен Жапониянын ортосунда тынчтык келишимин кабыл алууну татаалданттарын билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG