Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:29

Иракта барымтачылар түрк улутундагы үч адамды өлтүрүшкөн


Алар Ирактагы согушкерлердин "Таухид жана Жихад" деген тобу тарабынан өлтүрүлгөнүн "ал-Жазира" телеканалы кабарлады. "Ал-Жазира" аталган топтон алган видеотасманын бир бөлүгүн көргөздү. "Таухид жана Жихад" тобу "ал-Каида" уюму менен байланышы бар деп саналат.

Мурдараак Ирактын полициясы Самарра деген шаардын жанынан үч адамдын сөөгүн тапканын, бирок экөөсүнүн гана улуту түрк экенин билдирген. Коалициянын аскерлери менен келишимдик негизде иштегендерди кетирүү аракетинде ирактык согушкерлер чет элдиктерди барымтага алууда, буга чейин барымтадан 25тей адамдын өмүрүн кыйылган.

XS
SM
MD
LG