Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:41

ЖАШТАР ЖАНА ШАЙЛОО


Ошто түзулгөн «Ойгон Кыргызстан жаштары» кыймылынын мүчөлөрү Ноокат, Араван, Карасуу райондорун кыдырышып, эмдиги жылы болуучу шайлоолорго карата элдин маанайы жана даярдыгы менен таанышып кайтышкан. Алардын пикири боюнча элет калкы келерки жылы болуучу шайлоого кайдыгер жана шайлоо тууралуу түшүнүгү тескери. Бирок алардын ойлоруна каршы пикирлер да жок эмес.

Өздөрүн оппозициялык маанайда деп эсептешкен «Ойгон Кыргызстан жаштары» кыймылынын мүчөлөрү Ош облусунун айрым райондорун кыдырышып, карапайым калктын келе жаткан шайлоолорго карата даярдыгы менен таанышып кайтышкан. Кыймылдын мүчөсү Замирбек Божоновдун айтымында айыл тургундарынын шайлоо тууралуу түшүнүгү такыр башкача:

-Биз айылдарды кыдырып жүруп байкадык, элде азыр депутат же талапкер десе эле «эмне жардам берет экен, арак куюп берет бекен?» деген ой болуп калыптыр. Анан калса бир өкүл келип, «биз мынча кишибиз, арак же акча берсең шайлап беребиз» дешет экен. Жаштар менен да, аксакалдар менен да сүйлөшкөнүбүздө элде жалаң ушундай психология пайда болуп калганын байкадык.

Замирбек Божоновдун сөзүн кыймылдын дагы бир мүчөсү Абдувахаб Мониев коштоду:

-Бүгүнкү күндө Кыргызстанда демократия канчалык орун-очок алып, тамыр жайып калды дегенибизге карабастан, биздин элдин саясий аң-сезими али төмөн бойдон экен. Алсак элде шайлоочулардын көпчүлүгүндө байлар гана депутат болуш керек, чөнтөгү калың талапкерлерди гана шайлоо керек деген көз-караш дагы деле үстөмдүк кылып келатат.


Абдувахаб Мониев учурда колунда байлыгы жок, каржы жагынан бутуна тура элек жаштарга шайлоочулар тарабынан колдоо жок деп эсептейт:

-Жаштардын ичинен үлгүрүп, бизнес же башка чөйрөдө ийгиликтерге жетишип, байлык топтогондор сейрек чыгат. Ушул себептен келерки шайлоолордо талапкерлигин койгон жаштар да өтө аз болот.

Бүгүнкү күндө айыл жергесинде деги эле депутат деген түшүнүк да башка болуп калгандыгы тууралуу Замирбек Божонов:

-Айыл жергесинде депутат деген түшүнүк такыр өзгөргөн. Себеби буга чейин өзүн шайлап берүүсүн суранып барышкан талапкерлер кээ бир айылдарга трактор берип, мектеп-мечиттерге жардам берип, жол салып берем, суу чыгарып берем деген убадаларды беришип, анча-мынча кишилердин китептерин чыгарып, элге күйүмүш боло бергендиктен, элде депутаттыкка карата болгон түшүнүк өзгөрүптүр. Бай, колунда бар адамдар барса гана колдойбуз дешет экен. Ал эми жакшы идеясы менен, Кыргызстанды өнүктүрүүгө аракет жасачу, элге чындап күйө турган талапкерлерди акчасы жок болсо, «жылаңач баатыр», «куу такым» деп кубалап жиберүүгө да даяр болуп калыптыр азыр айылда. Биздин талапкерлерибиз - эртеңки депутат же саясий элита болгондон кийин элди жакшы нерселерге үндөөсү керек. Алар тескерисинче арак куюп берип, аш демдеп берип, элге кулчулук психология жаратып атышат.

Ал эми Абдувахаб Мониевдин айтымында элет эли шайлоого ар бир уруу, топ өздөрүнүн кишилерин колдоп берүү үчүн гана активдүү катышып берүүсү мүмкүн:

-Шайлоолорго эл жакшы катышып берет. Бирок Кыргызстандын келечеги үчүн күйгөндүктөн же жакшы парламент келүүсүн каалагандыктан эмес, ар бир уруу өзүнөн бир мыкты чыгаруу үчүн, ар бир айыл же топтор өздөрүнүн баласын шайлап көтөрүп кетүү үчүн гана активдүү катышып бериши мүмкүн. Элде мындай түшүнүктүн пайда болуусуна да талапкерлер күнөөлүү. «Ушул жигиттин депутат болуусу - биздин уруунун намысы, абийири» деген сыяктуу жарлыктар менен чыга беришип, элдин мээсин айлантып салышкан.

Ал эми жаштардын шайлоого катышы тууралуу кеп болгондо бүгүнкү күндө айылда жаштар калбай калгандыгы жөнүндө айтылды. Кыймылдын дагы бир мүчөсү Керим Макеевдин пикиринде айыл жеринде үй-бүлөсүн эмес, өзүнүн жеке керт башын багууга мүмкүнчүлүк жок:

-Түштүктө жердин аздыгынан айылдарда жаштар калган жок. 3-4 теше жер менен үй-бүлөнү эмес, жеке керт башын бага албагандыктан азыр жаштар элет жерине турбай калды. Алар үчүн Казакстанда кул болуп, Орусияда жана башка жерлерде кыйынчылыктарга чыдап, өздөрүн, үй-бүлөсүн баккан өйдөрөөк болуп атат.

Ал эми Абдувахаб Мониевдин ою боюнча азыр айылда өзүнүн пикирин айтып, топ жарып чыкчу жаштар жокко эсе:

-Бүгүнкү күндө элет жаштарынын шайлоого катышуусу пассивдүү болот. Талапкерлерди тандоо жагында да караңгы жол менен эле, ошол айылдын аксакалдарынын, атка минелеринин айткандарын кылып, алар кимди шайлайбыз десе, ошого добуш бере тургандай акыбалда. Бул айыл жаштарынын караңгылыгына барат. Бул бир жагы. Экинчиси -бирдеме үмүт этмей, топ же улак уюштуруп берет болду бекен деп же дагы башка ушундай жагына оойт. Кыскасы демократиялык, чыныгы адилет шайлоо өтүшүнө биздин элет жаштары өтө пассивдүү болот. Жалпы Кыргызстан үчүн күчтүү парламент түзүлүшүндө булардын ролу жокко эсе, мыкты депутаттарды тандап алуу жагын таптакыр ойлонбойт деп эле ойлойм.

Абдувахаб Мониевдин пикиринде шайлоого шайлоочу катары эмес, талапкер катары катышууга жаштарга биздин мыйзам да жол бербей, тоскоол болуп аткандай:

-Биздин Конституцияда Кыргызстандын жаштары 25 жаштан кийин гана парламенттик шайлоого катышып, депутаттыкка талапкерлигин коё алат. Мен буга каршымын. Жаштардын саясий активдүүлүгү төмөн болуп жаткан азыркы кезде бул жобону алып салып, жаштарды атуул катары катталган соң, 18 жаштан кийин эле өзүнүн талапкерлигин коюуга уруксат берүү керек.

Ал эми «Жаштар» партиясынын жетекчиси Айдар Бакыевдин пикири булардыкына кайчы келет:

-Кыргызстанда 16 жаштан 35 жашка чейинки негизги коомду түзгөндөр жаштар. Алар социалдык чөйрөдө, мектептерде, өнөр жайда, бизнес, коммерцияда, милицияда, армияда, кыскасы коомубуздун бардык тармагында биздин жүз миңдеген жаштарыбыз мамлекеттин өнүгүүсү үчүн өздөрүнүн чоң салымдарын кошуп атышат. Ал эми шайлоо тууралуу айта турган болсок, эгемендүүлүккө жетишкендигибиздин он үч жылдыгын белгиледик. Элибиздин, шайлоочуларыбыздын аң-сезими, активдүүлүгү өзгөрдү, өстү. Менин оюмча, келаткан шайлоолор демократиялык негизде, ачык-айкын өтөт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG