Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:40

МАГАТЭнин ДОКЛАДЫН БАТЫШ ӨЛКӨЛӨРҮ КАНДАЙ БААЛАШТЫ?


Өткөн жылы Иран өзүнүн өзөктүк программасынан чыккан кризисти токтотуу ниетин көрсөтүп, уранды байытуу токтотулат деп Франция, Британия жана Германияга убада берген. Бирок Эл аралык атомдук агенттик - МАГАТЭ июнь айында Иранды МАГАТЭнин адистери менен кызматташпай жатат деп сындагандан кийин, ырасмий Тегеран убада сөзүнөн тайды. МАГАТЭ шаршемби күнү жарыялаган жаңы докладында Европа өлкөлөрү менен жетишилген шартты Ирандын бузганын тастыктады. Эми Европа малекеттери кандай кадам жасайт?

МАГАТЭ шаршемби күнү жарыялаган иликтөөсүндө Иранда атомдук курал жасоодо колдонулчу урандын гексофлориддин өндүрүү планы бар экенин ырастады. Гексофлорид, АКШнын Мамлекеттик катчысынын каруу жаракты контролдоо боюнча орун басары Жон Болтондун сөзүнчө, атомдук бомба жасоо үчүн колдонулушу мүмкүн.

Докладга караганда, гексофлоридди алуу үчүн Иранда 37 тонна “чийки ураны” бар.

Бул, Женевадагы Коопсуздук саясаты борборунун директору Шарам Чубиндин айтымында, Европа мамлекеттеринин Иран менен БУУнун Коопсуздук Кеңешин чырлаштырып - эрегиштирбөө саясатынын үзүрү болду:

- Ирандыктар артка кетишти. Алар уранды байытпоо убадасынан тайыды. Алардын июлда Европа өлкөлөрү менен Парижде болгон талкуусу ушинтип туңгуюкка жетелөөдө.

Улуттар Уюмунун жетеги астындагы МАГАТЭнин билдирүүсүнө Кошмо Штаттары ошол замат өз баасын берди. Мамлекеттик катчы Колин Пауэллдин сөзүнө караганда, Вашингтон эми МАГАТЭни Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Иранга каршы санкция колдонуусу зарыл экенине көндүрүүгө тырышат.

АКШнын мындай аракетин Франция, Британия жана Германия колдойбу? Же мурдакыдай эле эки жакты тең “сооротчу” жолду издешеби? Бул суроолорго азырынча жооп жок.

Ирандын өзөктүк программасы тынчтык максатын көздөгөнүн ырастаган далилдерди көрсөтүүгө Тегеран даяр экенин президент Хатами өткөн жумада билдирди. “Андай экен, Тегеран эмне үчүн жыйырма жылга жакын убакыттан бери ядролук программасын дүйнө коомчулугунан жашырып жүрдү?” деп суроо коет АКШ жана МАГАТЭ менен БУУнун Коопсуздук Кеңеши маселени кырынан коюп, Иранды өзүнүн өзөктүк программасынан баш тарттырыш керек деп санайт. Ага Иран макул болбосо Колин Пауэлл айткандай, БУУ Иранга каршы саясый-экономикалык же дипломаттык санкция колдонушу зарыл деп эсептейт ырасмий Вашингтон.

МАГАТЭ бирок Ирандын Ядролук куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү эл аралык келишимди бузуп, өзөктүк куралдын үстүнөн иштеп жатканын тастыктоодон баш тартууда.

Эгерде МАГАТЭ мындай билдирүү жасаса, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Иранды эл аралык келишимдерди аткарбады деп, Тегеранга каршы санкция жарыялоосуна негиз түзүп бермек.
Ал эми Ирандын тышкы иштер министри Хамид Реза Азефинин билдиришинче, МАГАТЭнин соңку доклады, Тегерандын өз ядролук программасы боюнча чыккан түшүнбөстүктөрдөн айрылууда эл аралык агенттик менен кызматташып жатканын күбөлөйт.

Шарам Чубиндин айтымында, Европа өлкөлөрү азырынча Коопсуздук Кеңешинин Иранга каршы катаал чара колдонуусу үчүн ишенимдүү далилдер жок дешип, эки анжы абалда турушат:

-Менин оюмча, Европа өлкөлөрү азырынча Иран ядролук куралдуу болууга бел байлап алганына америкалыктар сыяктуу ишенишпейт. Алар, менин оюмча, Иран андай бир жаңсыл чечим кабыл ала элек жана ага чейин али узак деп ойлошот. Ошон үчүн алар Иран менен чечкиндүү сүйлөшүү зарыл деп санашпайт.

МАГАТЭнин башкаруучулар кеңеши Ирандын ядролук программасына байланыштуу маселени 13-сентябрда талкуулайт.

XS
SM
MD
LG