Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:39

БЕСЛАНДА БАРЫМТАДАГЫЛАРДЫН 100дөн АШУУНУ КАЗА ТАПТЫ


Муса Мураталиев, Москва Түндүк Осетияда барымтада жаткандардын 100дөн ашууну каза табышты. Ал окуя мындай болду: түшкө жуук Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Бесландагы №1 мектептен куралчандар колунан каза тапкандардын сөөгүн алып чыгуу учурунда эки ирет жардыруу болуп, натыйжада атышуу башталган. Кийин соңу мектепте өрт башталып, айкаш курчуду. Куралчандардын бир канчасы качып кетүүгө үлгүргөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эки кызматкери окко учканы айтылууда. РИА-Новостинин акыркы маалыматтары боюнча атышуу дале уланууда. Ооруканаларга түшкөндөрдүн саны 200дөн ашты...

Буга дейре «Рейтер» агенттигине айткан жообунда Түндүк Осетия президенти Александр Дзасохов «Бесланда элди барымтага алгандардын башкы талабы – Чеченстандын күңкорсуздугу» деген эле.

Ошондон бир саат өткөндөн соң ок атышуу башталган.

Бейшемби күнү барымтачылар аял менен балдар арасынан 26 кишини бошоткон. Бошонуп чыккандар журналисттерге мектепте миңден ашуун киши кармалып жатат деген. Расмий булак болсо 400дөн ашпаган киши барымтада деп келаткан.

Буга дейре расмий булактар барымтачылардын талабы - Чеченстандан орусиялык аскерлерди чыгарып кетүү жана жакында Ингушетияда болгон кармашта кармалгандарды абактан бошотуу деп келаткан. Дзасоховдун билдирүүсү таркагандан бир саат өтпөй мектепте жардыруу болуп, ок атышуу башталган.

НТВ каналынын кадрларында Беслан маданий үйүнүн жанжакасында турушкан элди карай чуркаган жылаңач балдар шүйдү алышты. Кызылжаян кан болгон балдарды бооруна көтөрүп, чоңдорду сембилдеп көтөргөн аскерлерди көрдүк. Асмандагы тикучмалар калаанын үстүн жаап турду. Сыналгыдан улам бир өңүрү көрүнө калып аткан брондуу согуштук техника көзгө чагыла калып атты.

Орусиялык сыналгы, үналгылар берген маалыматта барымтада жаткандарды куткаруу үчүн атайын кызматтагылар мектептин балдар камалып жаткан дубалынын тушун жардырып, ошол жерден балдар тышка чуркап чыккан.

Расмий булак таркаткан маалыматта болсо кармалып жаткан окуучулардын бир тобу өздөрү өз күчү менен барымтачылар колунан бошонуп качып чыгышкан. Аларды кууп чыккан барымтачыларга карай бержакта олтурган аскерлер ок аткан. Ошондон тарта эки тараптын ок атышуусу башталган.

Буга дейре балдар доктуру Леонид Рошаль:

-Барымтада жаткан балдар менен чоңдор биздин тамакты, ошондой эле биз берген дарыны татуудан баш тартышты деп (барымтачылар – ММ) мага билдиришти, - деген болчу.

Сырттан көз салуучулар мындай көрүнүштү алар ууланып калбайлы деп шектениши мүмкүн деп чечмелешкен.

Кийинки окуяларга келсек, сыналгыдан тынбай көргөзгөндөй мектепти алуу акырына чыга электей. Атайын аскерлер тобу мектептин имаратына киришти деген кабар айтылганы менен мектеп тараптан, ошондой эле, калаанын ар кайсы жеринен ок атышуу уланып атат. Бесландагы мектептин бир өңүрү кийин өрттөнө да баштады. Өрт чулгаган тарап - спорт зал делип айтылууда.

Алаамат тез өзгөргөнгө байланыштуу агенттиктер таркаткан маалыматтар ырааттуу эмес.

XS
SM
MD
LG