Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:35

БЕСЛАНДАГЫ БАРЫМТАЧЫЛЫК ООР ЖОГОТУУ МЕНЕН АЯКТАДЫ


Шаршембиден бери улантылган Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы барымта кризисине кабылгандар бүгүн чечүүчү учурду баштан өткөрдү. Өзгөчө куралданган жоочулар 1-сентябрдан бери Беслан шаарындагы № 1-мектепте жүздөгөн окуучуларды жана чоң кишилерди барымтада кармап жаткан. Бүгүн түш оогондо орусиялык атайын аскерлер мектепке чабуул койду. Барымта кризиси аяктады. Имараттан жүздөй кишинин сөөгү табылганы айтылууда.

Кабар агенттиктеринин билдиришинче, ушул тапта Беслан шаарындагы каргашалуу окуяга кабылган мектепте барымтада калгандардын аман-эсендеринин бардыгы тең имараттан чыгарылып кетти.

Барымта кризисинин бүгүнкү чечүүчү учурлары төмөндөгүдөй нукта өнүктү.

Бүгүн Беслан шаарында жергиликтүү убакыт менен саат 13:00төн (бул – Бишкекте саат 15:00ке туура келет) саал өтүп-өтпөй, мектепте бир нече ирет ири жардыруу болуп, ага удаа эле жарым-жартылай жылаңачтанган окуучу балдар-кыздар мектеп имаратынан качып чыга башташты. Дал ушул учурда куткаруучу кызматтын өкүлдөрү мерт болгон ондон ашуун кишинин сөөгүн алып чыгып кетүү үчүн имаратка жакын келген.

Эки тараптан тең айыгышкан ок атышуу башталды. Имараттын үстүндө аскердик тик учактар тынбай айланып учуп турду. Окуя болгон жерде болгон «Азаттыктын» кабарчысы Татьяна Собол бул окуяларды мындайча сүрөттөдү:

- Тегерегимде кишилер ары-бери удургуп чуркап жүрүшөт. Ок атышуулар угулуп жатат. Мектептен кишилер качып чыгууда. Канга бойолгон аялдар, жарым-жартылай жылаңачтандырылган жаш балдар чыгууда.

Барымтадан бошонгон кээ бир аялдарды замбилге салып, тез жардам көрсөтчү жакка жеткирүүгө шашылышты.

Орус коопсуздук кызматынын өкүлүнүн айтымында, дал ушундай дүрбөлөңдүү кырдаалда орусиялык тандалма жоокерлер имаратка чабуул коюуга аргасыз болушту. Тынымсыз жана айыгышкан ок атышуулар дээрлик 45 мүнөткө созулду. Имаратттын айрым коңулдарына бекинип алган барымтачылар менен анда-санда ок атышуулар кийин да угулуп турду.

Кайрадан Татьяна Соболдун окуя өтүп жаткан жерден берген кабарынан үзүндү келтирели:

- Атайын түзүлгөн штабдын билдиргенине караганда, сапёрлор мектепке коюлган миналарды тазалоо аракетин көрүүдө.

Татьянанын айтымында, ок атышуулар дагы эле анда-санда орун алып жаткандыктан, тез жардам көрсөтүүчү дарыгерлердин жана өрт өчүргүчтөрдүн машинеси мектептин имаратына дароо эле жакын келе алган жок. Айрым бөлүгү өрткө чулганган мектептгеи өрттү өчүрүү үчүн Владикавказдан кошумча өрт өчүргүч кызматкерлер алынып келинди.

Барымтачылардын жалпы саны, болжол менен, 25ке чейин жетет. Алардын арасында аялдар да бардыгы кабардалды. Алар 1-сентябр күнү Беслан шаарындагы № 1 мектепке чогулган 350дөн 1000ге чейинки сандагы жазыксыз кишилерди барымтага алышкан.

Азырынча барымтачылардын ким экендиги тууралуу так маалымат жок. Түндүк Осетиянын президенти Александр Дзасоховдун бүгүнкү маалымат жыйынында айтканына караганда, барымтачылар расмий Маскөөдөн Чеченстандын көз каранды эместигин талап кылышкан.

Интерфакстын айтымында, барымтада кармалгандардын ичинен каза болгондор бар, мектептин спорт залынан 100дөй кишинин сөөгү табылды. Соңку маалыматттарга караганда, дээрлик 400дөй киши ооруканаларга жеткирилди.

Орусиялык расмий булактардын айтымында, бери дегенде беш барымтачы өлтүрүлдү. Бирок бул маалыматты башка булактар аркылуу тастыктоого мүмкүн боло элек.

Айрым барымтачылар өздөрүн өздөрү жардырды деп да кабардалууда. ИТАР-ТАССтын билдиришинче, 13төй жоочу мектептен качып чыгып, шаардын башка бир бөлүгүндө баш калкалоодо. Барымтада болгон аялдардын кийимин кийип качты делген эки барымтачы издөөгө алынганы айтылууда.

Айтмакчы, Маскөөдөгү сапары бүгүн соңуна чыккан иордан падышасы Абдулла Экинчи өз өлкөсү Бесландагы барымтага алууну терең айыптаарын билдирди. Ал Маскөө менен Амман террорчулукка каршы бирге күрөшөөрүн баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG