Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:42

Америкалык бир солдатка террорчулар менен кызматташкан деген күнөө коюлду


Багдад шаарынын алдындагы Абу-Грейб түрмөсү менен байланышкан чатак боюнча кармалган америкалык аскер Райан Андерсонго каршы Сиэтл шаарында сот болуп, кечээ күнү ал күнөөлүү деп табылды. Ага - "ал-Каида" террордук уюму менен кызматташууга аракеттенген деген күнөө коюлду. Өздөрүн террорчулар деп тааныштырган АКШнын коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнө ал жашыруун маалымат берген жана анын баары видеого тартылып алынган. Андерсон февралда кармалган жана эми өмүрүнүн аягына чейин кесилиши мүмкүн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG