Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:03

Кыргызстандагы немистердин абалы талкууланат


БИШКЕК. 5-сентябрда Бишкекке Германия өкмөтүнүн делегациясы келет. Алар Кыргызстандагы немистердин иштери боюнча кыргыз-герман өкмөт аралык комиссиянын 7-жыйынына катышат. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Жыйын соңунда коммюникеге кол коюлат. Анда кыргыз-герман кызматташуусу жана Кыргызстандагы немистердин бул жерде калышы үчүн кандай шарттарды түзүү керектиги белгиленет. Кыргыз тараптан комиссияны тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талант Кушчубеков, Германия тараптыкын федералдык ички иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү немистер иштери боюнча департаментинин башчысы Клаус Пеле жетектейт.

XS
SM
MD
LG