Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:53

Кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрү болот


БИШКЕК. 6-сентябрда Ташкен шаарында кыргыз-өзбек чегарасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөр башталат. Кыргыз делегациясын сүйлөшүүдө тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева жетектейт. Бул тууралуу өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов бүгүн билдирди. Анын айтымында, өкмөттүк делегациялар ортосунда өтө турган Ташкен жолугушуусунда буга чейин эксперттер деңгээлиндеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы талкууланат. 2000-жылдын башынан бери жүрүп жаткан эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 1295 чакырым келген кыргыз-өзбек чегарасынын миң чакырымдайы делимитацияланган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG