Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:46

Депутаттар Абсамат Масалиевдин ысымын түбөлүккө калтырууну каалашат


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Абсамат Масалиевдин элесин түбөлүк калтыруу тууралуу» токтом кабыл алды. Өз токтому менен маркумдун элесин граниттен жасап, аны Бишкектеги Тарых музейине жанаша жайгашкан мамлекеттик ишмерлердин гүлбагына орнотууну, күмбөзүнө эстелик коюуну өкмөткө тапшырды. Мындан тышкары парламент борбордогу Киев көчөсүнө, Кадамжай районундагы Карадөбө айыл өкмөтүнө Абсамат Масалиевдин ысымын ыйгаруу жагын карап көрүүнү Бишкек шаар мэриясы менен Карадөбө айыл өкмөтүнө сунуштады.

Белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиев ушул жылдын 31-июлунда 72 жаш курагында дүйнөдөн өткөн.

XS
SM
MD
LG