Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:07

«Кыргызтелеком» тендерде сатылды


БИШКЕК. Германиялык AREXTECH/Detecon Interneational консорциуму «Кыргызтелекомдун» 51% акциясын сатып алуу боюнча тендерде жеңишке жетти. Бул тууралуу бүгүн «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда консорциумдун вице-президенти Аксель Буш билдирди. Анын айтымында, германиялык консорциум 51% акция үчүн 15 миллион 200 миң доллар сунуш кылды. Ошондой эле жакынкы он жылдын ичинде 150 миллион доллар инвестиция салууга ниети бар экенин билдирди.

Аксель Буштун маалыматы боюнча, консорциум менен кыргыз өкмөтү 51% акцияны сатуу-сатып алуу шарттары боюнча келишимдин долбоорун талкуулап жатышат. Германиялык консорциумдан сырткары «Кыргызтелекомдун» 51% акциясын сатып алуу боюнча тендерге Россиялык, Казакстандык жана Түркиялык үч фирма катышкан.

XS
SM
MD
LG