Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:08

«ШОРО» КОМПАНИЯСЫ БИЗНЕС КЫЗМАТКЕРЛЕРИН ДАЯРДАЙ БАШТАДЫ


Кыргызстандагы ири компаниялардын бири - «Шоро» компаниясы 3-сентябрь күнү маалымат жыйынын өткөрдү. Анда компаниянын «Тренинг жана консалтинг» борбору менен бирдикте аягына чыгарган бизнес тармагында иштөөчү кызматкерлерди даярдоо боюнча долбоор жана компаниянын иши тууралуу сөз болду.

Маалымат жыйынында айтылгандай, Кыргызстанда бизнес тармагын жакшы билген, ири компаниялардын ишин алдыга жылдырып кете ала турган жөндөмдүү кыз-жигиттер көп болгону менен аларды окутуп, үйрөтүп, ишкердүүлүккө чыныгы багыт бере турган уюмдар жок. Мындан бир жарым жыл мурун «Шоро» компаниясы «Тренинг жана консалтинг» борбору менен бирдикте «Лидерлер фабрикасы» деген долбоорду баштап, жакында аягына чыгышкан. «Тренинг жана консалтинг» борборунун жетекчиси Эркин Жаманбаевдин айтуусу боюнча, бизнес тармагында иштөөнү өздөштүрүп кетүүнү каалоочулар көп болгон:

-Биз аларды бизнес тармагында иштөөгө окутуп-үйрөтүү менен бирге, «Шоро» компаниясынын башкы мекемесинде, эсеп-кысап жагында иштетип көрүп, улам жөндөмдүүлүктөрүн, иш билгиликтерин сынап жаттык. Аягында, 4-айлампадан кийин 915 кишиден 33 гана адам калды. Биз сынак учурунда алардын улутуна, жынысына жана чет тил билген-билбегендигине да караган жокпуз. Биз үчүн алардын дээриндеги идиреги, лидерлик касиети, эл менен, керектөөчүлөр менен тил табыша билгендиги, маркетингди жакшы өздөштүргөндүгү биринчи орунда болчу.

Ал эми «Шоро» компаниясынын президенти Табылды Эгембердиевдин айтымында сынактан өткөн 33 улан-кыздын ичинен компаниянын өзүнө кызматка алынгандан кийин, калгандары башка бизнес компанияларга сунуш кылынат, албетте акысыз эмес:

-Иштин көзүн билген жакшы адис кымбат турат. Ошондуктан өзүбүз даярдаган адистерди башка компанияларга миң долларга сунуш кылабыз. Себеби аларды даярдоого ар бирине биздин компания ошончо сумма короткон. Иш билбеген кызматкер компанияны бир нече миллиондогон доллар чыгашага учуратуусу мүмкүн. Айрымдар «бизнести акча жасайт» деп ойлошот, чындыгында андай эмес, акчаны жакшы иштеген мээ жасайт, башкача айтканда мээси күчтүү, жөндөмдүү адамдар бизнести, компаниялардын ишин алдыга жылдыра алат. Биз даярдаган адистерге азыртан эле башка компаниялардан суроо-талаптар түшө баштады.

Табылды мырзанын айтымында компания чыгарган максым суусундугунун кийинки убакта кымбаттап кетүүсүнө долбоордун тиешеси жок:

-Максымдын кымбаттосуна долбоордун тиешеси жок. Максымды таркатууга жыйырма даана жаңы «Мерседес» машинасын сатып алдык. Мурда өзүңүздөргө белгилүү, эски УАЗ машиналары жана «Муравей» деп айтылчу мотороллер менен таркатчубуз. Мындан башка элге кызмат көрсөтүүчү сервистерибизди жаңырттык. Мунун баарына көп каражат кетет экен. Миллион доллар кредит алганбыз, ошондуктан максымды кымбатыраак сатууга туура келип жатат. Менимче бул убактылуу, карыздын пайыз үстөктөрүн төлөсөк, кайра арзандашы мүмкүн.

«Шоро» компаниясы мындан ары курулуш материалдарын чыгарууну да көздөп жатат. Келечекте компаниянын атынан бышык кыш, черепица сыяктуу курулуш каражаттары чыгып, Казакстан, Орусия жана башка өлкөлөргө экспорттолуусу мүмкүн экендиги тууралуу компаниянын президенти Табылды Эгембердиев билдирди.

Бирок керектөөчүлөр тарабынан компания чыгарган минералдык сууларда ойнотулуп жаткан лотереялык оюндардын адилет ойнолбой жаткандыгы тууралуу айтылган нааразылыктар да жок эмес. Бул маселе боюнча компаниянын коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Максат Чакиевге кайрылдык:

-Лотереялык утуш оюндары адилет өтүп жатат деп айта алам. Анткени буга чейин бөтөлкөдөгү сууларды кошпогондо, 150-200 чамалуу киши муздаткыч, сыналгы, сааттарды жана компаниянын эн белгилери түшүрүлгөн кийим-кечектерди керектөөчүлөр утуп келатышат. Алдыда эми баш байге Бишкек шаарынан берилүүчү квартира эле калды утула элек. Утуш оюну 30-сентябрда аягына чыгат, ага чейин дагы көрөбүз.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG