Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:31

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ: ИШТИ ЭМНЕДЕН БАШТОО КЕРЕК?


Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны жума күнү бир гана саат иштеп, дүйшөмбүгө чейин тарап кетти. Бул күнү иштин токтотулушуна техникалык себеп эмес, депутаттардын ар кыл көз караштагы суроолорунун көп болгону себеп болду.

Бейшембиде кабыл алынган чечим боюнча жума күнү депутаттар талаш-тартыш жаратпаган маселелер менен мыйзамдарды кабыл алышмак. Ушундай ниет менен адегенде көзү өтүп кеткен Абсамат Масалиевдин атын түбөлүккө калтыруу жөнүндөгү токтомду бир добуштан кабыл алышты. Ага ылайык Абсамат Масалиевдин эстелигин Бишкектеги тарых музейининин жанына орнотуу, ал иштеген жерлерде мектеп, көчө, айыл өкмөттөрүнө ысымын ыйгаруу, минип жүргөн машинасы менен Чолпонатадагы мамлекеттик резиденциядагы бир үйдү менчиктеп берүү токтомдо көрсөтүлүп, Кыргыз Эл баатыры наамын берүүгө аракет көрүлмөк болду.

Палата андан кийин тургундары пенсияга эртерээк чыга турган бийик тоолуу айылдардын тизмесине Алай районундагы Сарымогол, Будалык, Тамгатерек, Акталаа районундагы Кайыңды-Булак айылдарын кошуу жөнүндөгү мыйзамды талкуусуз кабыл алды.

Палата ишин талаш жаратпайт деген ниет менен сунушталган айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу, Кыргызстанга келип иштейм деген чет элдик атуулдарга быйылкы жыл үчүн квота берүү жана шаар ичинде автомобиль токтотуучу жерлер жөнүндөгү мыйзамдарды талкуулоо токтотту. Ага быйыл чет элдик 5 миң атуулга квота берүү жөнүндөгү мыйзамды көз жумдулук менен өткөрө коюу жарабайт деген депутат Өмүрбек Текебаевдин:

- Эмне себептен 5 миң адамдын иштөөсүнө уруксат берип жатабыз? Кайдан, эмне үчүн келип иштеп жатат? Өзүбүз ишсиз отурсак, оозубуздагы наныбызды, колубуздагы жумушубузду алып кете береби? Беш миң адамдын келип иштөөсү кандай негизделген? Мына азыр Бишкектин Жибек Жолу көчөсүндөгү кытай дүкөнүндө жалаң кытайлар иштеп жатат. Алар алмаштырууга болбой турган мыкты адистер бекен? Ушундан улам биз эмне деген фирма, кандай келишимдердин негизинде алып келип, биздин мыйзамдарды кандай аткарып жаткандыгын териштирип туруп, анан уруксат беришибиз керек. Жөн эле жерден жылына 5 миңдеген адамга уруксат бере берсек, 10 жылда 50 миллион жумуш ордун аларга берип коет экенбиз, -деген сунушу түрткү болду.

Талкуу кызып, суроо берүү үчүн тизмеге жазылган депутаттардын саны көбөйгөндө төрага Абдыганы Эркебаев «талкуусуз кабыл алынчу мыйзамдарды гана карайбыз дегенбиз»,- деп, ишти токтотуп койду.

Анткен менен палата акыркы сессиясында кароого милдеттүү жүздөгөн олуттуу мыйзамдар кезекте турат. Алардын арасында экономикалык багыттагы, тактап айтканда, энергетика тармагын менчиктештирүүнүн жаңы баскычына жол ача турган мыйзамдар бар. Алар кабыл алынбаса Дүйнөлүк банктын CSAC программасы аткарылбайт жана Париж клубу Кыргызстандын 450 миллион долларлык тышкы карызын кечүүдөн баш тартышы толук мүмкүн. Ушундан улам премьер-министр Николай Танаев августтагы өкмөт жыйынында Дүйнөлүк банктын ушундай мазмундагы каты тууралуу:

- Алардын каттары менен билдирүүлөрүнүн ар бирин совет доорундагы КПССтин борбордук комитетинин катчыларынын докладындай кабыл алгыла. Алардын каттарынын ар бир сабы аракет көрүү планы болуш керек! Ал жерде ыр жок, анын баарын толук аткарыш керек,- деп билдирип, мыйзамдарды тезинен кабыл алуу өтүнүчүн парламентке жолдогон.

Айрым парламентарийлер болсо бейшемби күнү ал маселелерди кароого шашылуунун кереги жок деп айтышты.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Равшан Жээнбековдун билдирүүсү боюнча, депутаттар экономикалык багыттагы ал мыйзамдарды тезинен кабыл албаса өлкөнүн келечегине көлөкө түшөөрү ажеп эмес:

- Биз бул кадамды жасап, мыйзамдарды кабыл алууга милдеттүүбүз. Ал биздин элибиздин, мамлекетибиздин жана экономикабыздын кызыкчылыгы үчүн зарыл. Эгер муну кандайдыр бир саясий иштерге байланыштырып, кабыл албай турган болсок, анда энергетика тармагыбыздагы кризисти мындан да күчөтүп алабыз.

Равшан Жээнбековдун пикирине караганда, депутаттарды буга чейинки менчиктештирүүдөгү мүчүлүштүктөр кооптонтууда. Бирок депутаттар эмдиги жылкы шайлоонун алдында өздөрүн элдин көйгөйүн ойлогон өкүл катары көрсөтүү үчүн кечеңдетишүүдө деген ойдон алыс эмес экендигин Р.Жээнбеков:

- Менин оюмча, көп депутаттарыбыз шайлоого даярданып жатышат. Шайлоонун алдында ушул энергетика маселесин көтөрүп, элге зыян келип жатат деген ниетти жаратуу ою менен аракеттенип жатышса керек ,- деп билдирди.

Мыйзам чыгаруу жыйыны эми ишке чындап дүйшөмбүдө, өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы тууралуу өкмөттүн маалыматын угуу менен киришет деген үмүт бар. Бирок ага чейин сентябрда карала турган маселелердин күн тартибин бекитиши керек.
XS
SM
MD
LG