Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:52

«КЫРГЫЗТЕЛЕКОМ» САТЫЛУУ АЛДЫНДА ТУРАТ


Бакыт Аманбаев, Бишкек «Кыргызтелеком» ишканасын менчиктештирүү боюнча өткөрүлгөн тендердин биринчи этабы соңуна чыкты. Тендердин жыйынтыгында «Кыргызтелеком» ишканасынын 51 пайыз акциясын сатып алууга 16 миллион 200 миң доллар сунуштаган германиялык Arextech Detecon ишканасы жеңүүчү деп табылды. Стратегиялык маанилүү обьектин сатылышына айрым саясатчылар каршы.

Кыргызстандагы бир эң кирешелүү делинген ишканалардын бири «Кыргызтелеком» ачык акционердик ишканасы сатылуу алдында турат. Аталган ишкананы сатуу боюнча өткөрүлгөн тендердин биринчи этабы мындан бир нече күн илгери аяктады. Бул тууралуу журналистерге тендердин биринчи этабында жеңишке жетишкен германиялык «Detekon» ишканасынын вице-президенти Аксель Буш маалымдады. Анын айтымына караганда, «Кыргызтелеком» ишканасын сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендерге чет элдик беш компания катышты.

Алардын ичинен германиялык Arextech/Detecon ишканасы “Кыргызтелекомду” сатып алууга 16 миллион 200 миң доллар, орусиялык «Ростелеком» 15 миллион 50 миң, «Kazkommers Securities» 15 миллион, Туркиялык “Global communication network” 15 миллион, ал эми “Казактелеком” болсо 5 миллион 350 миң доллар сунуштаган. Натыйжада, тендердин биринчи этабында германиялык Arextech/Detecon ишканасы “жеңүүчү” деп табылды.

“Учурда биздин компаниянын келчекте “Кыргызтелекомду кандайча өнүктүрүп, кандайча баа саясатын жүргүзөөрү тууралуу кыргыз өкмөтү менен эки тараптуу сүйлөшүү улантууда” деп кошумчалады “Detecon” ишканасынын вице-президенти Аксель Буш.

Ошондой эле анын айтымына караганда, эгерде Кыргызстандын аткаруу бийлиги “Кыргызтелекомду” сатууга тендердин экинчи этабында да макулдугун берсе, аталган ишкана жакынкы он жылдын аралыгында “Кыргызтелекомду” өнүктүрүүгө 150 миллион доллар инвестиция салат. Өлкөдө телекоммуникация байланышы бир кыйла деңгээлге көтөрүлөт:

- Адегенде, «Кыргызтелекомду» модернизациялоо иш чаралары жүргүзүлөт. Тагыраак айтканда, ишканадагы башкаруу, уюштуруунун ыкмалары түп тамырынан бери өзгөрүлөт. Мындан сырткары компаниянын эскирген жабдуулары толук алмаштырылат. Натыйжада, атуулдарга кызмат көрсөтүүнүн деңгээли алда канча жакшыртылат,-деди Аксель Буш.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, “Кыргызтелеком” өлкөдөгү бирден бир кирешелүү тармактардын бири. Анын уставдык капиталы 620 миллион сомго бааланган жана 2003-жылы 101 миллион сом таза киреше тапкан. Буга байланыштуу айрым саясатчылар “Кыргызтелекомдун” сатылышына каршы, бул тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, “Кыргызстан коммунистер” партиясынын лидерлеринин бири Орозбек Дүйшеевдин пикири төмөндөгүчө:

- Бүгүнкү күнү өлкөдө жумушсуздук күчөөдө. Анализдеп көрсөк, бийликтин жүргүзгөн саясаты талкалоочулук, талоончулук саясат. Соңку мезгилдери эң керектүү стратегиялык маанилүү обьектилер сатыла баштады. Бул кыргыз элинин эгемендүүлүгүн жоготуу менен барабар. Биз “Кыргызтелекомдун” сатылышына караманча каршыбыз.

Орозбек Дүйшеевдин пикирине Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Марат Султанов буларды кошумчалады:

- Менин оюмча «Кыргызтелекомду» сатпай туруп эле башка менчик ишканалардын биздин рынокко кирүүсүнө уруксат беришибиз керек эле. Анан шаардан алган пайданын эсебинен айылдагы телекоммуникациялык байланышты өнүктүрсөк жакшы болмок. Анткени учурда ондогон айылдарда телекоммуникациялык байланыш жок. Ал эми менчик компания келечекте айылдарга байланыш алып барабы, жокпу - белгисиз.

«Кыргызтелекомдун” сатылышын аткаруу бийлиги башкача түшүндүрөт. “Кыргызтелеком” сыяктуу мамлекеттик ишканаларды сатпай туруп эле өнүктүрсө болбойбу, деген сургоого Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин башчы Равшан Жээнбеков мындайча жооп берди:

- Биздин “Кыргызтелеком” сыяктуу стартегиялык ишканаларды өз алдыбызча өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жок. Ошондуктан, чет элдик инвестициянын жардамы менен мындай ишканаларды өнүктүрүү аракетибиз туура.

Кошумчалай кетүүчү нерсе, Кыргызстандагы менчиктештирүү тууралуу мамлекеттик программага ылайык, өлкөдөгү статегиялык маанилүү обьектерди сатууга соңку макулдук Жогорку Кеңеш тарабынан берилет. Ошондуктан, өлкөдөгү стартегиялык маанилүү обьектерге кирген «Кыргызтелекомду” менчиктештирүүгө Жогорку Кеңештин депутаттары макулдугун береби, жокпу - аны убакыт көрсөтөт.
XS
SM
MD
LG